Menu

«Алымбек Датка» жөнүндө көркөм фильмин тартуу үчүн президенттен 100 млн. сом бөлүп берүүнү өтүнүшүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш.Жээнбековго

Төрагасы Д.А.Жумабековго

Премьер-министри С.Ж.Исаковго

Кайрылуу

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №4651-У 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык, КР Өкмөтүнө Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракесин 2015-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмегине киргизүү, Өкмөткө мамлекеттик комиссия түзүп, маараке боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана өткөрүү, 2015-жылдын республикалык бюджетинде каржылык каражат кароо тапшырмалары берилген эле. Жогорку Кеңештин «Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракеси жөнүндө» токтому XIX кылымдагы кыргыз элинин чыгаан инсаны, Кокон хандыгынын баш вазири кызматын аркалап туруп, хандыктын карапайым элге, анын ичинде кыргыз элине каршы жүргүзгөн залимдик саясатына каршы чыгып, элибиздин ошол мезгилдеги белгилүү инсандары Жангарач бий, Жантай баатыр, Байтик баатыр, Ажы-бий, Уметалы бий, Боронбай бий, Торогелди бий жана башка ушул сыяктуу таасирдүү инсандардын башын бириктирип, көз карандысыз кыргыз мамлекетин курууга кылган аракети үчүн ордо тарабынан уюштурулган кутумчулуктун айынан курман болгон, мамлекеттик жана коомдук ишмер Асан бий уулу Алымбек датканын ысымын кийинки урпактардын эсинде калтыруу максатында кабыл алынган. Жогоруда баяндалгандын негизинде 2015- жылдын 16-апрелинде №159-р Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен мамлекеттик комиссия түзүлүп, ошол убактагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев төрага катары бекитилген, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер кирген уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитети тарабынан бир топ жыйындар өткөрүлүп,

Алымбек датканын 215 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш пландары иштелип, атайын иш чаралар бекитилип, Талкууланган. Ошол жылдын күз айларына пландаштырылган маараке 2015-жылдын октябрь, айында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесстерине байланыштуу, 2016-жылдын май-июнь айларына жылдырылып, кийин белгисиз себептерден улам өткөрүлбөй калган. Бирок ошол бекитилген мааракелик иш-чаралар алкагында Алымбек датканын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымын эске алуу менен, өрнөктүү өмүр жолуна арналган бир топ илимий-практикалык конференциялар жер-жерлерде өткөрүлө баштаган. Алымбек датканын басып өткөн жолу, саясий ишмердиги жалпы кыргыз элинин ынтымагын бекемдөөгө, элибиздин коопсуздугун камсыз кылууга коңшулаш өзбек, тажик, казак, кытай элдери менен өз ара жакшы алакаларды түзүүгө, көз карандысыз кыргыз мамлекетин курууга багытталган аракеттери жөнүндө материалдар кеңири изилдөөгө алынып, коомчулукка жеткирилип, тарыхтын актай барактары унутта калган, баа жеткис маалыматтар менен толукталып, алар өлкөбүздөгү саясий-коомдук кырдаалды турукташтырууга, элибиздин ынтымагын бекемдөөгө, мамлекетибиздин мындан ары өнүгүшүнө зор таасирин тийгизүүдө деп терең ишенебиз.

Бекитилген иш-чараларга ылайык, тарыхый эс тутумду сактоо максатында Алымбек датканын ишмердиги, улутубуздун ошол доордогу жашоо турмушу, тарыхы, маданияты, каада-салттары тууралуу көркөм фильм тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, элибиздин белгилүү жазуучу, кино сценаристтери, маданият ишмерлери Б.Сарыгулов, Б.Карагулов жана Б.Назаралиев тарабынан жазылган кино сценарий талкуудан өтүп, жактырылган эле. Бекитилген иш-чарага ылайык, көркөм фильмди тартуу иштери 2016-2017-жылдары башталмак, бирок Кыргыз Өкмөтү тарабынан каражат бөлүнбөй, ушул күнгө чейин создуктурулуп келет.

Элибиздин биримдиги, мамлекетибиздин келечеги үчүн өз өмүрүн арнаган, басып өткөн жолу келечек муундар үчүн өрнөк боло турган XIX кылымдагы кыргыз элинин чыгаан инсаны, мамлекеттик жана саясий ишмер, таланттуу кол башчы Алымбек Датка Асан бий уулу жөнүндө көркөм фильмдин келечек муундарды тарбиялоодогу зор маанисин эске алып, фильмди тартууга 100 миллион сом бөлүп берүү жагын караштырууну өтүнөбүз.

Сиздерди урматтоо менен,

С.Өмүрзаков, “Улуу Алай” коомунун төрагасы, коомдук ишмер:

О.Абдыкалыков, КР ЖК экс-депутаты, экс-министр;

Б.Аматов, КР ЖК экс-депутаты;

А.Маматалиев, КР ЖК экс-депутаты, экс-вице-премьер министр, КР мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер;

А.Калмаматов, ЖК экс-депутаты;

К.Апаитова, КР Жогорку сотунун экс-судьясы, КР эмгек сиңирген юристи;

Ж.Абдрахманов, КР профсоюздар Федерациясынын экс-председатели;

К.Осмонов, КР эл артисти;

Т.Сатаров, КР транспортуна эмгек сиңирген кызматкер;

Ч.Абдыкапаров, коомдук ишмер;

Ж.Шамырбеков, коомдук ишмер

Булак: Жаны Ордо

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: