Menu

Депутат Төрөбай Зулпукаров: «Тендерде “кара тизмеде» турган айрым фирмалар утуп кеткен учурлар бар

Бөлүшүү:

Типтүү курулуш долбоорлору жакшы, көптөгөн каражаттар үнөмдөлөт. Бирок, жарыяланган тендерлерде «кара тизмеде» турган айрым фирмалар утуп кеткен учурлар бар. Тендерге андай подрядчиктерди катыштырбаш керек. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында объектилерди куруу иштеринин, капиталдык оңдоонун, ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышынын абалы, бул чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоонун натыйжалуулугу жана республикалык бюджетте 2018-жылга каралган иш-чараларды аткаруу үчүн бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүүнүн жол-жоболору жөнүндө маселе каралып жатканда билдирди.

«Мисалы, Ноокат районунда таза суу менен камсыз кылуу жаатында подряддык жумуштарды аткарган бир фирма бар, ал сотто утулуп, 2 млн 900 миӊ сом төлөөгө аргасыз болгон. Ал жакында жарыяланган тендерде кайрадан жеӊүүчү деп табылыптыр. Мындай подрядчитерди тендерге таптакыр жолотпош керек», – деп, Төрөбай Зулпукаров типтүү курулуш долбоорлорунан канча каражат үнөмдөлгөнүнө кызыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бир типтүү долбоорго 1,5 млн сом жумшала турганын билдирди. «Ошентип, мектеп имараттарын куруудан эле 2017-жылдын жыйынтыгында баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү. Ал эми «кара тизмеге» кирген фирмаларды өзүнчө карап жатабыз», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: