Өлкө аймагында 169 мектептин имараты кооптуу деп табылган. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2015-2017-жылдары объектилерди куруу иштеринин, капиталдык оңдоонун, ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышынын абалы каралып жатканда белгилүү болду.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, буга чейин өлкө аймагы боюнча 193 мектептин имараты авариялык абалда деп эсептелип келген. Алардын абалы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу бар. Азыр биз 24 мектеп боюнча текшерүү ишин аяктап, айрымдарын ал тизмеден чыгардык, дагы 29 мектептин имараты боюнча сунуштама берилди», – деди ал.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев авариялык абалдагы мектептер биринчи кезекте каржылана турганын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ