Menu

Видео – Бишкек мэриясы: Айдоочулардын талаптары аткарылбайт

Бөлүшүү:

Маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын 2-апрелде коюп жаткан талаптарынын бири да аткарылбасын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди.

Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айыппул салынат же машинелери айып жайына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандырууга тийиш.

 Я помню бастовали однажды маршрутники, но это было в субботу, и люди особо не заметили. Но чтобы в понедельник, такого не помню…

“Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөйт” деген мыйзам аткарылышы” керек.

Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук такси чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес.

Бишкек мэриясы эл ташуучу ишканалар менен 26-31-март күндөрү маалымдап-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, 2-апрелде саат таңкы 6:00дөн тартып алдын-ала маалымдоосуз маршруттук такси айдоочулар иш таштаганын белгилөөдө.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп алуу-түшүрүүгө айыппулдун көбөйүшүнө каршылыгын айтышууда.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр Бишкекте маршруттук унаалардын катышы менен 252 жол кырсыгы катталган, андан эки киши набыт болгон, 408 адам түрдүү жараат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши мерт болуп, 211 адам түрдүү жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: