Menu

Чабак ажы Жалилов: Камчыбек Ташиев ууру эмес, урмат-сыйга татыктуу инсан

Бөлүшүү:

– Чубак ажы, соңку убакта Гүлзат Мамытбек аттуу кызды интернет айдыңынан көрүп атсаңыз керек. Ал өзүн “кыргыздын улуттук жаңы деми” катары атап, «тур, турагой, кыргызым» деп, көпчүлүккө «дем» берип аткан кези. Оюңуз кандай? Кызыгы, Гүлзат айым өзүн сеантолог-мусулман катары жарыялап, бул боюнча сыймыктана турганын да жашырбады. Ушул жагынан дагы ой бөлүшө кетсеңиз?

— Саентология чиркөөсү, дианетика деп койсо да болот, адамдарды өзүнө өтө акылдуу азгырык чакырыктар менен чакырышат. Мисалы:

– сиздин проблемаларды чечүү үчүн жогорку интеллект;

– эң жакшы жумушка орношуу үчүн бийик аң-сезим;

– көп каражат табуу үчүн болгон көп энергия, күч;

– жашоонун кыйынчылыктарын жеңүү үчүн бекем ден соолук;

– жолу болбой калууларды жеңүүгө жеңилгис дух;

– кыжалатчылыктын жоюлушу;

– жыргал жашоого жетүү.

Мына ушул сыяктуу жарнактар менен дианетика өзүн карапайым адамдарга илим катары сунуштап, алардан психологиялык тест алып, адамдын акылын арбап алганга аракеттенет.

Дианетикага ылайык адамдын акыл-эси аналитикалык жана реактивдүү болуп  экиге бөлүнөт. Реактивдүү акылда сакталып жүргөн негативтерден кутулуу үчүн дианетиканын курстарынан өтүп, китептерин окуусу керек болот. Алардын айтуусунда, курстарды бүтүп, китептерди окуп чыккандан кийин, адамдын акыл-эси реактивдүү акылындагы эргаммалардан толук тазаланып бүтөт. Бул жараяндын жүрүшүндө адам тепкичтен тепкичке секирип отуруп, акыры эң жогорку “клир” даражасына жетип, толук тазаланып, бактылуу өмүр сүрө баштайт.

Бул диний уюмдун доктринасы, албетте, баардык диндер сыяктуу эле тынчтыкка жана сабырдуулуккка чакырат. Бирок, адистердин айтымында, дианетиканын көмүскө доктринасы да бар. Аны ачыкка чыгарбайт.

Саентология чиркөөсү Батыштын бир катар өлкөлөрүндө сот аркылуу тыюу салынган, буга динетиканын коомго терс таасирин тийгизе турган ишмердүүлүгү себеп болгон. Бул жаңы диндин негиздөөчүсү америкалык фантаст жазуучу Лафайет Рональд Хаббард Байыркы Чыгыштын ишенимдерин, окультизм жана магия элементтерин дианетикага киргизүү менен аны саентологияга айланткан. Алгачкы булак катары 1950-жылы чыккан “Дианетика – жандүйнөнүн чың болуусунун заманбап илими” деген Хаббарддын китебин айтсак болот. Адамдар диндин маңызын так жана даана биле албагандыктан, аны илим катары көрүп, ошол эле учурда “мусулман бойдон кала беребиз” деп катуу жаңылышат. Туура, булардын кээ бир айткандары жалпы баалуулукка каршы деле келбейт, ошол баалуулуктар аркылуу адаштырууга жол ачышат. Хаббарддын “эгер чириген бай болгуң келсе, жаңы динди негизде!” деп айтканы белгилүү. “Бул көз караштын бизге кирип келүүсүнө Майрам Акаеванын тиешеси бар” деп кээ бир ММКлар жазып жүрүшкөн.

    — Гүлзат Мамытбек боюнча да оюңузду айтсаңыз?

— А эми Гүлзат айымга келе турган болсок, ага карата болгон реакция – кыргыз коомчулугунун бекерпоздукка, баканооздукка, ушакка жакын болуп, майдаланып бара жатканыбыздан кабар берип турат. Кайсы бир адам пафостук темадан кеп козгоп, жалындуу сүйлөсө эле аны “улуттук баатыр” кылып алууга киришебиз. Анын маанисине, маңызына, кимден чыгып жатканына маани берүүдөн обочолонуп калгандайбыз.

Кудай Таалам касиеттүү Куранда “дини тайыз, фаасык адамдардын айткандарынын баарына тактап-билбей туруп эле ишене бербегиле” деп осуяттаган.

— «Көр казган менен баш жазган сооп» деген лакап бар эмеспи. Ушул эки соопчулуктун маани-маңызын чечмелеп бересизби?..

— Көр казгандын сооп экендиги анык. Маркумду жерге жашыруу – жалпы мусулман адамзатынын мойнундагы милдети. Шариатта парз – кифая деп аталат. Мусулмандардын ичинен кимдир бирөөсү маркумду жашырса, баардык мусулмандар парздан кутулуп, жашырган адам зор соопко ээ болот. А эгер жашырылбай калып кетсе, баардык мусулмандар парз аткарбагандыктары үчүн күнөөкөр болуп, Кудай Тааламдын буйругун аткарбаган болуп эсептелишет.

Баш жазгандын сооп экендигине башкача өңүттө токтолуу керек болоор:

– Арак ичип, андан алыстай албай калган адамдарды дарылап, аларды атың өчкүр арактан алыстатканга себеп боло турган болсо, чоң соопко калат. “Арак – бүтүндөй жамандыктын энеси” деп айтылат көөнө шариатыбызда. Арак – арам, аны “арам эмес” деп айткан адам динден чыгат, арам экендигин билип, ошого карабай ичип жүргөн шордуу пенде күнөөкөр болот.

– Кээ бир адамдар өмүрүндө бир эле жолу арак ичишет да, анан өмүр бою баш жазып өтүшөт. Мына ушундай кесепеттүүлөрдүн тырышып калган башын жазам деп, ошол ит ичпегенди куюп берген, албетте, күнөөкөр болот.

– Кайсы бир пенденин башына мүшкүл иш түшсө, анын ишин чечүүгө аракеттенсе, колунан келген жардамын берсе, башы катып калган учурунда жакшы акыл-насааты менен кеп-кеңешин аянбастан көмөк көрсөтсө, ошентип ажатын ачса, же башкача айтканда, башындагы проблемасын жазса, кетирсе, бул адам соопкер болуп эсептелет.

Дегинкиси, кыргыз тилинин сөздүгүндө “баш жазуу” мындайча чечмеленет: “Ичкиликке чактырып ооруп калган кишинин эртеси жандырып ичкилик ичүүсү”. Анан калса, ушундай лакаптын илгертеден бар экендиги да шектенүүнү жаратат. Анткени кыргызда арак ичүү деген түшүнүк орус менен кошо келген “маданияттын” катарын толуктайт. Кыргызда арак болгон эмес, ичкен деле эмес. Кийинчерээк арак ичип жүргөндөр өздөрүнө каалагандай чыгарып алышса керек.

— Сизди Кыргызстандагы популярдуу адамдардын алдыңкы бештигине кошуп жүрүшкөнү турмуштун чындыгы экенин жашыра албайбыз. Келечекте саясатка активдүү киришип, парламенттик шайлоого аттансаңыз, инсандык брендиңиз, руханий ресурсуңуз менен ийгиликке жетишүү жагынан шегибиз жок. Сизди саясатчылардын ичинен Камчыбек Ташиев менен санаалаш, келечектеги бир команда катары айткандар бар экен. Туура элеби?

— Камчыбек Ташиев мырза менен адам катары көңүлүбүз жакын, жакшы санаалаш ага-ини катары мамилебиз бар. Ал кишинин нукура кыргыз мүнөздүгү, анда жасалмалуулуктун жок экендиги, эли-журтуна, муктаждарга кайрымдуу экендиги, ыйман жолунда жүргөндүгү сый-урматка татыктуу. Ошондой эле ал ууру эмес, “мамлекеттин казынасына кол салган” деп эч ким айта албайт. Баардык эле саясатчыны кичи мекенинде эли-журту колдой бербейт. Камчыкенин айылына барганда улуу-кичүү дебей баардыгы урматтап-сыйлаганына күбө болосуз.

Ал эми саясат маселесиндеги санаалаштык, бир команда болуу же болбоо – бул келечектин иши. Келечек көрсөтөт. Мен саясатта болбогондуктан, менде саясый санаалаш же команда деген түшүнүктөр жок. Азырынча саясатка баруу  ниетим деле жок. Кокустан, барып калган күндө деле саясатчылардын программаларына, багыттарына жараша бир командада болуу туура келээр. Ошондо саясый санаалаштык жөнүндө айтсак жарашат.

Башы көрүнгөн чоң саясатчылардын көбү менен жакшы алакадамын, достук мамиледемин. Кээ бирлери менен кайсы бир маселелерде кайчы пикирде болуп калуум толук мүмкүн, бирок адамдык мамиле өз нугунда кете бергени оң го.

— Элге ушу бүгүн кандай осуят айткан болоор элеңиз? Эркин микрофон…

— Пайгамбарыбыз Алейхис Салам айтат:

  • “Кыямат башталып кеткен учурда, колуңда бир тал көчөт кармап турган болсоң, аны тигүүгө үлгүрүп калсаң, анда аны тигип кал!”
  • “Кайсы бир момун пенде дарак эксе, андан карабашыл адам, же учкан куш, же төрт түлүк мал-жандык жесе, андан пайда болгон сооп тиккен адамга токтобой жетип турат!”

Урматтуу бир тууганым! Боору бүтүн эч ким жок. Өтүп кеткен апаңа багыштап бир тал көчөт эксең, андан жегендин, көлөкөсүнө көлөкөлөгөндүн сообу жетип турат. Пайгамбарыбыз Алейхис Салам сынган бутактын кургап калганга чейин айткан тасбихтеринен маркумдарга сооп жетээрлигин белгилеген. Сен сайган көчөт буралып өсүп, шамалга саамайын тосуп, жалбырагын дирилдетип көктөп эле турган болсо, сенден сооп үмүт этип жатканга жете берет.

Ардактуу агайыным! Сен жаңы төрөлгөндөн баштап эле мөмө-чөмө жеп, көлөкөдө эс алып, таза абадан кеңири жутуп келе жатпайсыңбы? Бирок, анын бирин деле сен же сенин атаң эккен жери жок эле!? Көрдүңбү, сен карызга мурунку муундан алгансың, кийинки муунга калтырып кет! Сен да көчөт тик, аны кара, өстүр, аркаңдан сен билбеген бирөөлөр ырахмат айтып, сооптор барып турсун!

Кымбаттуу жердешим! Сен экөөбүз жердеп жаткан жергебиз таза аба менен тунук сууга бай. Мөлтүр кашка суунун булагы болуп мөңгүлөр эсептелет. Биз канчалык бак отургузган сайын мөңгүлөрдүн өмүрү узарат. Мөңгүлөрдү сактоо – демек, сууну сактоо. Суу – өмүрдүн булагы.

Кадырлуу калкым! Мен силерге жөнөкөй эле кеп айтайынчы, бак тик! Өзүңдүн менчик жериң жок болсо, мамлекеттик менчикке караган парктарга, аллеяларга барып тик. Жолдун бойлоруна, коомдук жерлерге, ишканаларга, окуу жайларына, бала бакчаларга тик! Кары-картаңдардын үйлөрүнө, арыктардын бойлоруна, аялдамаларга, мечиттерге, ооруканаларга тик!

Экинчи айта турган кебим, тиккен багыңды эрезеге жеткенче карап, ага азганекей маани берип кой! Жазда акилеп, маалында сугарып, кезеги келгенде бутап койсоң, сооптун түбүндө каласың. Башка бирөөнүн да эмгегин баала!

Анан дагы бир кеп, өтө маанилүү кеп! Бак тигээрде ниетиңди жаңыртып ал! “Оо Кудайым, ушул тиге турган бак зор саябан дарак болсун! Андан баары пайдалансын! Акыретте артымдан тынбай жеткен сооптун булагына айлансын!” деп баштасаң кем болбойсуң.

(Уландысы кийинки санда)

Автор: Асланбек Сартбаев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: