Menu

Видео – Өзбекстанда балдарды сабаган тарбиячы жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Өткөн аптада социалдык түйүндөрдө балдарды папка менен башка чапкан тарбиячынын видеосу тараган. Кийинчерээк окуя өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Жизак облусундагы, анын ичинде №39 «Навруз» бала бакчасындагы сапары алдында болгону аныкталды.

https://www.facebook.com/ozodlikradiosi/videos/10158200107746959/

Балдарды папка менен сабап жаткан тарбиячыны билим берүү мекемесинде тажрыйба топтоп жүргөн биринчи курстун студенти видеого тартып алган.

Тасма социалык түйүндөрдө тарагандан кийин Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги ыкчам топ түзүп, окуяны иликтеген. Видео 27-мартта Жизак шаарындагы №39 «Навруз» бала бакчасында болгону аныкталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары балдарды сабаган тарбиячы 37 жаштагы Мохира Маматкулова экенин кабарлашты. Жогорку билимдүү педагог аталган бала бакчада 2007-жылдан бери иштеп жаткан.

Маматкулованын иши боюнча документтер Жизак прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Тартиячы жумуштан бошотулду. Бул окуядан кийин «Навруз» бала бакчасында дагы үч кызматкер иштен айдалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: