Menu

Сапар Исаков маршруткалар туралуу: Мыйзам бардыгына бир, жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы мыйзамдарды аткарууда жеңилдиктер болбойт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-апрелде, Бишкектин автоунаа ишканаларынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин башында Өкмөт башчы Бишкек шаарынын тургундарына траспорттук кызмат көрсөтүүнүн токтошу бир нече себептерге байланыштуу, бирок жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда мыйзамдардын аткарылышы жеңилдетүүсүз өтүшү керек деп белгиледи.

«Мыйзам бадыгына бир жана эч кимге жеңилдиктер берилбейт. Мыйзамдардны нормаларын баарын аткарышат, бул маселе Өкмөттүн ишинде приоритет болуп эсептелет», – деди Премьер-министр.

Сапар Исаков жеке автоунаа ишканаларынын кызмат көрсөтүүсүнүн токтоо себептерин жана кичи бустардын айдоочуларынын нааразычылыгын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу органдарынын транспорттук кызматтарды көрсөтүү ишмердигинде бейформал төлөмдөрү жөнүндө толук маалыматы бар экенин белгиледи.

«Мен Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы транспорттук инспециянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп кетет элем. Мага берилген маалыматка ылайык транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес төлөм иретинде айына дээрлик 3 миң сом берип турушу керек экен», – деди Сапар Исаков жана министр Жамшитбек Калиловго бир жума аралыгында көрүлгөн чаралар боюнча толук маалымат берүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Өкмөт башчы тармактуу министрлик менен катар транспорттук компаниялар жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине дагы айына 5 миң сомдон ашык төлөгөнгө мажбур болгондугун белгилеп кетти.

«Маршруттук кыймылдын схемасына төлөм сыяктуу бир катар расмий эмес көптөгөн башка акча жыйноолор өкүм сүрөт, бирок мындай документ жүргүнчүлөрдү алууда, унаа токтотууда, ошондой эле ар бир каттам сайын акысыз берилиши керек. Маршруттук кичи автобустардын айдоочулары көзөмөлдөөчү органдардын дээрлик бардыгына төлөшү зарыл. Мен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине ушул маалыматты текшерип чыгуу тапшырмасын берем», – деп баса белгиледи Премьер-министр жана аталган маалыматтар далилденип калган учурда дароо кызматтан алуулар болот деп белгилеп кетти.

Кеңешменин жыйынтыгында Сапар Исаков жогоруда белгиленген коррупциялык түзүлүштөр формалдуу төлөмдөрдүн үлүшүн кыскартып, жана жеке компаниялардын нааразычылыктарын жаратат деп белгиледи.

«Шаардык транспорт көйгөйүнө ар тараптуу караш керек: бул бейформал төлөмдөрдү жок кылуу, камсыздандыруу документтерин колдонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу талаптарын сактоо, коомдук транспорт менен камсыздоо системасын жалпысынан карап чыгуу, ошондой эле автобустарды сатып алып, жолго чыгарууну тездетүү болуп эсептелет», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: