Menu

Толгонай Стамалиева, КР Президентинин пресс-катчысы: “Атамбаев менен Жээнбеков эки күн мурун жолугуп, бир тилге келе алышкан эмес, ошондуктан Атамбаев таарынычын ачык жарыялады”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө расмий жооп кайтарылбайт.

“Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады” деп белгиледи Стамалиева.

Басма сөз катчынын билдиргени боюнча, экс-президент белгилеп жаткан Бишкек ЖЭБи боюнча президенттин көз карашы Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча иликтеп жаткан депутаттык жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан кийин билинмекчи.

“Белгилеп коюучу нерсе – Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок” деп билдирген Толгонай Стамалиева.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатканын, Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин айткан. Ал Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: