УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козгоду. Абдыгул уулу кылмышка шектүү катары суралууда. Ага эч жакка чыкпоо талабы коюлуп, кылмыш-жаза кодексинин 171-жана 350-статьясы боюнча иш козголгон.
Ошондой эле парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча экс-спикер Чыныбай Турсунбеков дагы бир ирет суракка чакырылып, азыркы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев экөө беттештирилген.
Эскерте кетсек, КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ