Menu

Кечээ Кыргызстандын кызыкчылыгын саткандар бүгүн кантип коргошмок эле?…

Бөлүшүү:

Учурда коңшу өлкөлөр 349 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп жатканда, 386 миллион долларга ТЭЦтин 30 гана пайызын жаңылагандарын эрдик кылып шардана кылган аткаминерлердин жосунсуз жоруктарын учурда депутаттык комиссия иликтеп, кумга сиңген миллиондордун изин таппай эстери ооп жатат. Бул кылмыштуу иш боюнча негизги көзүрлөр жоопко тартылбай турганы ачык байкала баштады. Мына 2013-жылы ТВЕА компаниясына тендерсиз 386 миллион долларга ТЭЦти модернизациялоого уруксат берген ошол кездеги Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары азыр да парламентте отурушат.

Алсак, Арапбаев Азамат, Алимбеков Нурбек, Бакиров Мирлан, Сабиров Максат, Сулайманов Алтынбек, Шайназаров Тынчтык, Төрөбаев Бакыт, Никитенко Наталья, Нышанов Сайдулла, Артыков Анвар, Бекешев, Жетигенов Бакыт, Иманалиев Каныбек, Жээнбеков Асилбек, Зулпукаров Төрөбай, Карамушкина Ирина, Мадеминов Мурадыл, Орозова Карамат, Рыспаев Кожобек, Турсунбеков Чыныбай, Пирматов Исхак сыяктуу депутаттар бүгүн да Жогорку Кеңеште отурушат.

Жогорку Кеңеште өзүн суудан таза, сүттөн ак көргөзгөсү келген КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев ошол мезгилде Энергетика жана өнөр жай министри болчу. Ал убагында жан алы калбай Кытай компаниясына ушул ишти тендерсиз тапшырып, ТВЕАнын кызыкчылыгын коргогон. Анан ушулар Кыргызстандын эмес, Кытайдын бир жеке компаниясынын кызыкчылыгын коргогонун бүгүн кантип жокко чыгарабыз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: