Menu

Нурлан Сулаймановдун иши сотко өттү

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилгенин маалымдады. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нурлан Сулаймановго “транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн” деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Сулайманов жол курулушунда 250 млн. сомдук тендерди өз пайдасын көздөп өткөргөн.

2014-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланып, 2016-жылы ишти кароо Биринчи май райондук сотуна жиберилип, иш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш иши токтотулуп, жарыяланган издөө алынып салынган. Бишкек шаардык соту 2016-жылы 26-сентябрда Сулаймановдун ишин токтотуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурлан Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине жардам берип Алайда жүргөнүн парламентте айткан. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча түшүндүрмө берген эмес. Эми болсо Сулаймановду “ак карга” кылып чыгаруу аракети көрүлүп баштагандай. Эгер ошондой болсо, президенттин коррупция менен күрөшөм дегени суу кечпей, коррупциялык күрөш тандалма өңүткө өттү дей берсе болот.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: