Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта болгон тойдон кийин ууланып ооруканага кайрылгандар көбөйүп жатат. Тамакка ууланып, дарыгерлерге кайрылгандардын саны 173 кишиге жеткенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Бишкек боюнча жетекчиси Артур Буюклянов билдирди. Натыйжада, “Ала-Too” рестораны убактылуу жабылып, ресторандын жетекчисине 20 миң сом, администраторуна 5 миң сом айып салынды.
Эске сала кетсек, 31-мартта “Ала-Too” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад аймактарынан келген 200дөй адамдын катышуусунда үйлөнүү тою өткөн. Ага баргандар жана ал жерден кешик алып кеткендер тоок этинен ууланган деген божомол бар. Ресторандын ээлери уулануу боюнча комментарий берген жок. Жапырт уулануу фактысы боюнча Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ