Menu

Айдоочуларга Албектин алы жетеби?

Бөлүшүү:

Маршруттук такси айдоочулар 2-апрелде иш ташташты. Алар өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтомуна ылайык, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө ар бир орунду камсыздандырууга тийиштиги, камсыздандыруу полисин албаса 500 сом айып салынаары боюнча токтомдун аткарылышына каршы болушуп, жол кирени 15 сомго көтөрүү талабын коюшту.

Күчүнө кирген токтомго ылайык, шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом төлөөгө тийиш. Бишкек мэриясы, айдоочулар менен эл ташуучу фирма ишканалардын 2-апрелде коюп жаткан талаптарынын бири да аткарылбасын билдирди. Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук такси чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес. Коомчулук, эл ташыган фирмалардын лицензиясын кайтарып алып, иштей турган башкаларга берүү менен акчага көпкөн фирмалар менен тейтектеген айдоочулардын желин чыгарыш керектигин айтышууда. Мэр Албек Ибраимов мындай кескин чарага бара албасы белгилүу. Анткени талап коюп талтандагандары тыяйын десе, эл ташыган фирмалар жалаң жогору жакта отурган чоңдордуку. Алар асмандан түшүп жаткан акчадан айрылып калгылары келишпейт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: