Menu

Жантөрө Сатыбалдиев Ошто курган үйлөрдө жашагандар нааразы болушууда

Бөлүшүү:

Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү дирекциясын жетектеп турган кезде курулган Оштогу үйлөрдүн сапатына нааразы болгон жашоочулары ал иштерге күнөөлүү адамдар жоопко тартылышын талап кылууда. Оштун ХБК районунда жашаган Жумамидин Сулайманкулов бул тууралу жаңы пост жазып жарыялады:

Жоопкерчилик кимдир бирөөдө барбы?

Биринчиден, Ош жана Жалал-Абад шаарларын куруу дирекциясы тарабынан курулуп, анан эл ипотекага алган үйлөрдүн сапаты жакшы эмес. Пайызы да көп. Анысына да макул. Ушул үйгө жеткенибизге шүгүр. Бирок үйгө коюп кеткен газ плиталары да жараксыз экен. Газпромдун адистери келип “уста чакырткыла же башка алгыла” деп кетти бүгүн. Газды өзү үйгө киргенден бери көрө элекпиз. Алды 2 жыл мурда кирген. Жеңилдик сурасаң эле “даяр үйгө кирдиңер” деген жооп. Даяр үйүнүн болсо эшиктери эптемей, ручкалары иштебейт, айнектери сынык, патрондору күнүнө бирден лампочка өлтүрөт, электр точкалары тарсылдатып барын эритет. Кайра куруп, оңдоп түзөп жатабыз. Аз айлык менен үйгө 6% үстөгүн кошуп араң төлөп жатканда барын жаңылоо ашыкча болуп жатат. Үйдү курган дирекциябы же куруучу компаниябы жооп бериши керек да. Же эмне мамлекеттин акчасынын убалы менен эсеби жокпу? Биз бул үйдү адал мээнет акчабыз менен төлөп жатабыз. Шарттарын түзүп берүүнү талап кылганы акыбыз бар!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: