Menu

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керек

Бөлүшүү:

Токтогул агай, экс-президент Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында азыркы президент Сооронбай Жээнбековго “Кеңешти мен айтпасам, ким айтат?” – деди. Экс-президенттин президентке кеңеш бергени туурабы?

– Ар бир адам өз эмгегин баалайт, Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланып калышы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эмгеги десек туура болот. Анткени Сооронбай Жээнбеков СДПК партиясынын мүчөсү. Аны СДПК партиясы көтөрдү. Ошон үчүн экс-президент айтып жатпайбы: “Жээнбеков экөөбүз 23 жылдан бери доспуз, ага анын кемчилигин мен айтпаганда, ким айтат?” – деп. Атамбаевдин ага кеңеш бергени туура жана негиздүү. Кеңешти НПО, ОБСЕ ж. б. деле айтып жатпайбы?..

– Коомдо экс-президент менен азыркы президентти бири-бирине кайрап, экөөнү чабыштырууга аракет жасаган күчтөр көбөйүүдө, алардын арсыз аракетине кандай баа бересиз?

– Мындай илдет бийлик алмашкан сайын чыгат, кек алчусу кек алам дейт, өч алчусу оч алам дейт, кызматтан ажырагандары кызматка келем дейт. Атамбаевге түз чыга албагандар жаңы бийликти пайдалангысы келет. Учурда Атамбаевге көңүлү түз эместер Жээнбековду тукуруп жатышат, бул аныкталган нерсе. Аларга азыркы президент азгырылбоосу керек. Алданбашы зарыл.

– Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков экс-президенттин айтканын эске алып, депутаттык мандатын тапшыруусу керекпи?

– Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында Асылбек Жээнбековдун партияга кошкон салымын жогору баалады, бирок үй-бүлөлүк башкаруудан баш тарткандан кийин мандатты тапшырыш керектигин айтты, анткени бул маселе президентке зыянын тийгизээрин эскертти. Экс-президенттин айтканы туура. Эгерде Асылбек Жээнбеков үй-бүлөлүк башкарууну колдосо, анда депутаттык ишин аткара берет. Эгер жок, биз үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз дешсе, анда президенттин иниси мандатын тапшыруусу керек.

– Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болушу мүмкүн деп да айтыла баштады, болушу мүмкүнбү?

– Атамбаев партиянын лидери болуп аныкталгандан кийин, партияны тазалоо жана жаңы мүчөлөр менен толуктоо керектигин айтып, парламенттик шайлоого дагы эки жыл бар экенин айтты, демек парламент таркатылбайт. “Сиз кайсы бийликти каалайсыз, спикер болуунубу же премьер-министр болуунубу деп бирөө суроо бергенде, Алмаз Атамбаев бийлик башына барууга эч кандай каалоосу жок экенин, максаты мамлекетти таза коомго айлантуу, жердешчилик, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө керек экенин айтпадыбы…

– СДПКнын мындан аркы мамлекеттеги таасири кандай болушу мүмкүн, партия алсызданбайбы?

– СДПК олуттуу жана тажрыйбалуу партия. Жогорку Кеңеште СДПК фракциясы көпчүлүктү түзөт. Эл арасында барктуу партия десек жаңылбайбыз. Партиянын мүчөсү президент болду. Мындай абалда партия мамлекетке таасир этпей койчу беле, албетте таасир этет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: