Menu

Жөлөкпул боюнча мыйзам кабыл алынса, алардын саны эки эсеге көбөйөт

Бөлүшүү:

Ушу тапта 298 миң бала жөлөкпул алууда, эгер бул тууралу парламенттеги мыйзам долбоору кабыл алынса, алардын саны дагы эки эсеге көбөйөт.

Мыйзам долбоорунда 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда майып балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу, ата-эне камкордугунан ажыраган жана мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик эсептерди ачуу чаралары камтылууда. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 298 миң бала жөлөкпул алууда, эгер бул мыйзам кабыл алынса, алардын саны дагы эки эсеге көбөйөт. Ал үчүн бюджеттен 1 млрд 800 миң сом талап кылынат. Андан тышкары, балдарга жөлөкпул чектөөдө жакындарынын пенсиясы үй-бүлөө кирешесинен чыгарылып салынууда. Эгерде муктаждыгы аныкталса, баланын санына карабастан жөлөкпүл бериле берет.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдун саны менен минималдуу киреше чети тууралуу да сөз болду Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунованын айтымында, Кыргызстандагы жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган. Ал жалпы калктын 0,8 пайызын түзөт.

Ал эми вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, жылдык минималдуу киреше чеги 900 сомду түзөт, бирок аны 1421 сомго чейин көбөйтүү сунушу берилүүдө. «Негизи мыйзамдарды башкаруу жана аткаруу жаатында калпыстыктар бар. Ошондуктан, административдик башкаруу чараларын өркүндөтүү зарыл», – дейт ал.

Булак: “Экономика”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: