Menu

Патрулдук кызматтын WhatsApp номерине 1634 колдонуучу катталды

Бөлүшүү:

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-январдан тарта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий веб-сайты жана WhatsApp мессенджери иштеп баштады. Расмий веб-сайт иштеп баштагандан тарта 1634 колдонуучу катталып, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 8028 арыз келип түшкөн.

Келген маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн аймактык бөлүм кызматкерлери арыз түшкөн жерлерге тезинен жөнөтүлүп турган. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүктү кайрадан алуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында сайтка соттун чечими менен айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган жарандардын тизмеси илинмекчи.

«Таза коом» программасынын алкагында жаңы жылдан тарта КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекетгик
каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда биометрикалык идентификация киргизген. Тестирлөө боюнча жаңы электрондук система адамдардын бет түзүлүшүн тез таанууга жөндөмдүү.

Тестке кирүү үчүн айдоочулук күбөлүк алуучулар веб-камерадан идентификациядан өтүшөт. Салыштыруу паспорттогу сүрөт менен автоматтык негизде жүргүзүлөт.

Айырмачылык чыга турган болсо тестирлөө токтотулат дагы экзамен жокко чыгарылат. Аны менен катар эле экзамен тапшырганы тууралуу маалыматтар сүрөтү менен сакталып калат. Экзаменден өтпөй калгандар тесттин тарыхы менен таанышып, жыйынтыктар боюнча кайрадан арыз жазса болот.

Экзамендерди тапшыруу процессии онлайн режиминде https://grs.gov.kg/ru/ subord/drtsvs/webcams/ сайты аркылуу көрүүгө болот.

«Бул чаралар курсанттардын жол эрежелерин билүү боюнча экзамен тапшыруусун жакшыртууга багытталган жана экзаменди мыйзамсыз берүү процедураларын алдын алат. Натыйжада жол коопсуздугунун деңгээли жогорулайт. Бул билимге ээ болуп, жол эрежелерин билгендерге гана айдоочулук күбөлүк берүүгө багытталган маанилүү чара жана жол кырсыктарынын азайуусуна көмөкчү болот. Жыл башынан бери 376 курсанттын ичинен 9у гана экзамен тапшырышып, айдоочулук күбөлүк алышкан», -деди Сапар Исаков.

Булак: “Экономика”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: