Menu

Өзбек-тажик чек ара бекеттеринин ачылышы менен иш тапкандар арбыды

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Тажикстан чек арасында ачылган көзөмөл өткөрүү бекеттери жана эки өлкө жарандары үчүн визасыз режимдин киргизилиши Хатлон облусундагы жүздөгөн жарандын иш табуусуна жардам берди.

Былтыр Орусиядан депортацияланган 24 жаштагы Алламуроддун айтымында, Тажикстандын Хатлон облусу менен Өзбекстандын Сурхандарыя облусун байланыштырган «Гүлбахор» көзөмөл өткөрмө бекетинин ачылышы менен ал өзүнө автоунаа сатып алып, киши ташып иштей баштады.

– Күнүгө 100 сомони (10 доллардан ашуун) табам. Жүргүнчүлөрдү район борборунан чек арага чейин жеткирем. Кайра келе жатканда өзбекстандык конокторду Шахритузга ала келем. Мен сыяктуу Орусиядан депортацияланган жергиликтүү жашоочулар дагы киши ташып иштешүүдө. Жүргүнчүлөр көп. Биз дагы, алар дагы ыраазы, – деди Алламурод Рузиев.

Шахритуз районунун 27 жаштагы тургуну Фахриддин Норматов дагы Алламурод Рузиев сыяктуу жүргүнчү ташып, киреше табууда. “Чек арага бир күндө эки сапар барам. Тапкан акча күнүмдүк чыгымдарды жабууга жетет”, – дейт ал.

Шахритуз районунан «Гүлбахор» көзөмөл өткөрүү бекетине чейинки жол 70 чакырымды түзөт. Расмий маалыматтар боюнча ал жерден суткасына 400дөн ашуун киши өтөт.

Маалыматтарга караганда, темир жол жана автобус каттамдары калыбына келгенден кийин өзбек-тажик чек арасынан өтүүнү каалагандар он эселеп көбөйдү. Мындан тышкары жергиликтүү базарларда товарлар арзандады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: