Menu

Президент Жээнбековго бизнес коомчулуктан Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын айынан пайда болуп жаткан системалык коррупция ишкерликтин өнүгүүсүнө бут тосуп, бизнестин мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жоготууда. Нормативдик-укуктук актылар коррупцияга каршы экспертизадан тиешелүү деңгээлде өткөрүлбөй жатат, бул болсо чечим кабыл алуу баскычында коррупциялык тобокелчиликтерди жаратууда. Бизнес-коомчулук коррупцияга каршы экспертизадан чоң коррупцияга жол ачуучу деп табылган жана мамлекеттик бийлик органдарында системалык коррупцияларды жараткан нормативдик-укуктук актыларды бир нече жолу таап чыккан.

“БизЭксперт” аналитикалык борбору бир нече жылдар бою иштеп жаткан нормативдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүп келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу этабында көп сандаган тобокелчиликтер бар жана ишкерлик маселелерин чечүүдө нормативдик-укуктук актылардын тиешеси жокко эсе. Натыйжада бизде кагаз жүзүндө гана жазылып калган, натыйжасыз укуктук нормалар гана бар.
Коррупция менен күрөшүү үчүн системалуу иш болушу шарт. Ал үчүн БизЭксперт аналитикалык борбору төмөнкү чараларды карап чыгууну сунуштайт:

1. Иштеп жаткан нормативдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө прокурордук көзөмөл кылуу.
2. Мамлекеттик бийлик органдары менен болгон кызматташтыкта шайкештиктин болуусу институтун калыптандыруу.

3. Ишкерликти жөнгө салууда бийлик бутагынын мыйзамдардын натыйжалуулугун баалоо жана мониторинг жүргүзүү.

4. Мамлекеттик бийлик бутагындагы системалык коррупцияны жоюуда натыйжалуу мониторинг жүргүзүү үчүн бизнес-коомчулукту тартуу.

5. Мамлекеттик органдарда шайкештик офицерлер институтун өнүктүрүү.

6. Мамлекеттик бийлик органдары тарабынан басым болбошу үчүн ишкерлик субъекттерине өз укуктары тууралуу маалымат берүү.

7. Коррупцияны алдын алуу үчүн пара берген юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуу.

8. Ишкерлик субъекттеринин мамлекеттик органдар менен байланышпоосу үчүн ишкерлик субъекттерди мамлекеттик  көзөмөлдөдөн өз ара көзөмөлгө өткөрүү.

9. Ишкерлик субъекттери менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосунда талаш чыкканда экономикалык жактан талаш маселени кароочу соттор адистигин түзүү.

10. Ишти сотко чейин жеткирбей чечүү үчүн бизнес коомчулуктун катышуусунда ишкерлердин укугун коргоочу ыйгарым укуктуу институтун түзүү (бизнес омбудсмен).

БизЭксперт аналитикалык борбор жогоруда берилген сунуштар мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясат иштелип чыгарда эске алынат деген үмүттө. Өз кезегинде БизЭксперт ишкерликти жөнгө салуу жана системалык коррупцияны жоюу маселесинде кызматташууга даяр.

Булак: “Экономика”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: