Бүгүн, 3-апрелде Баткен облусунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Үч-Дөбө айылында чек арадагы жер талашуудан улам жаңжал чыгып, бири-бирине таш ыргытышуу менен ырбап кеткен. Кыргыз тарап чек арага тосмо орнотууга аракет кылганда тажик тарап ага жол бербөөгө аракет кылып, ташбараңга алышкан. Бул тууралу социалдык тармактардын колдонуучулары видеотасмалары менен коштоп, маалымат таратып жатышат.
https://www.youtube.com/watch?v=WFG8vPT_Jxc&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ