Menu

Ак илбирсти сактоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Меморандумга кол коюулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө ак илбирсти сактоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Меморандумга кол коюу болду.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Арсен Рыспеков, Ак илбирсти сактоо боюнча «Snow Leopard Trust» коммерциялык эмес бирикмесинин директору Чарудаг Мишра жана «Snow Leopard Foundation in the Kyrgyz Republic» коомдук фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу кол коюшту.

Меморандум өзүнө ак илбирсти жана био ар түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын ак илбирстер жашаган аймактарында орун алган жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнү камтыйт.

Атап айтканда төмөнкүлөр каралат:

– Чүй облусунун Шамси тилкесиндеги жана ага жакын аймактартарда орун алган жаратылышты сактоочу программаны өнүктүрүү;

– ак илбирстер жүргөн аймактарда орун алган жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө инвестиция салуу;

– туруктуулукту жана био ар түрдүүлүктү камсыз кылуу үчүн экологиялык туризмди өнүктүрүү;

– аңчылыкты алдын алуу боюнча иш чараларды демилгелөө жана ак илбирсти сактоо боюнча тийиштүү илимий, техникалык жана мыйзамдык маалыматтар менен натыйжалуу алмашууну камсыз кылуу;

– ак илбирстин жүргөн чөйрөсүн сактап калуу максатында жайыттык комитеттер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;

– ак илбирсти жайылтуу, анын жүргөн чөйрөсүн жана чөйрөсүнөн тышкары аймактардагы тамактануу базасына мониторинг жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;

– биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен убагында жолугушууларды уюштуруу;

– жергиликтүү коомчулуктун салттуу жашоо образын жана маданиятын сактап калышына көмөк көрсөтүү жана башкалар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: