Menu

Атамбаев-Жээнбеков: тиреш апогейине жетти!

Бөлүшүү:

Дээрлик бир айдан бери президент Сооронбай Жэзнбековдун досу, экс-ажо А.Атамбаев менен пикири келишпей, ортодо келишпестик жаралганы жөнүндө сөздөр тынчыбай келет. Достордун ортосунда пикир келишпестик жаралгандыгы өткөн жума соңунда, КСДПнын курултайынан кийинки Атамбаевдин басма сөз жыйынында далилденди. Анда АША Сокени өтө катуу сынга алып, коомчулукта кызуу талкууга алынган Бишкек ЖЭБи, сот реформасы, бажыдагы коррупциялык схемалардын жаралышына айыптаган.

Буга жооп катары президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева: “Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго күтүүсүз билдирүү эмес. Алар бул тууралуу курултайга эки күн калганда баарлашкан жана ар кими өз пикири менен калышкан”,- деген билдирүү таркатты.

“Экс-президенттин эмоционалдуу билдирүүлөрүнө жооп берүү, же маани берип кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейбиз. Анткени, алар Сооронбай Шарипович экөө бардык нерсе тууралуу сүйлөшүшкөн. Коомчулук чындыкты билгиси келген маалымат, биринчи кезекте Бишкек ЖЭБинин айланасындагы кырдаар тууралуу айта
турган болсок, президенттин билдирүүсүн иликтөө иштеринин, анын ичинде депутаттык комиссиянын да ишмердүүлүгү соңуна чыгып, жыйынтыкталгандан кийин күтүү керек. Президенттин ЖЭБди модернизациялоо үчүн тендер өткөрүүдөгү жаңжалга эч кандай катыштыгы жок. Анын келишимине 2013-жылы кол коюлган. Ачылышы 2017-жылдын 30-августунда Жэзнбековдун катышуусусуз болгон. Ал премьер-министрлик кызматын президенттик шайлоого карата 2017-жылдын 21-августунда өткөрүп берген,”- деди Т.Стамалиева.

“2017-1018-жылдагы жылытуу сезонуна даярдык көрүүгө да Сооронбай Жээнбеков катышкан эмес. Ал өкмөт башчысы болуп тургандагы кыш – 2016-2017-жылдарга туш келген. Эсиңиздерде болсо, ал жылдагы кыш узун болгон, 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейин суук орногон. Бирок, кышында Токмоктогу балдар үйүндөгү жылыткыч түзүмдүн убактылуу иштен чыгып калганын эске албаганда, эч кандай күтүүсүз окуя болбоду”, – деп билдирген Сооронбай Жэзнбековдун маалымат катчысы.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун “кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш”,- деп сыпаттады:

Биринчиден, азыркы премьерге жапырт чабуул коюу айтылуу «Райым миллиондун» бажыдан кетишине нааразы болгондор тарабынан уюштурулган деген божомол айтылган. Экинчиден, экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салды. Мамлекет башчынын басма сез катчысы Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек. Бул жерде жыл сайын 280 миллион сомго чейин бөлүнгөн ремонт тууралуу сөз болуп жатат”.

Ошентип, билинбеген менен, Кыргызстанда Сокенин президенттик бийлигине каршы реалдуу оппозиция жаралууда. Аны Атамбаев өзү жетектейт деп ким ойлоптур? Окуя мындан ары кандай өнүгөт, кабарлап турабыз…

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: