Menu

Кыргызстандын түштүгү сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайланышкан

Бөлүшүү:

Кыргызстанда беш миңге чукул жер көчкү, эки миңден ашуун сел жана ташкын жүрүүчү аймак дагыле бар. Булардын 70 пайызы өлкөбүздүн түштүк чалкөмүндө жайланышкан. Буга улай көпчүлүк айыл-кыштактарда тогуз баллдык жер титирөө күтүлөөрү дагы эбак тастыкталган. Ушул жана башка олуттуу көйгөйлөрдүн тегерегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Искендер Матазимов кабарчыбызга ой бөлүштү.

-Искендер мырза, ошентип, минтип жазда түштүк жергесинде, жаратылыш катаклизми ого бетер күчөдү. Мунун негизги себеби эмнеде?

– Көрдүңүз го. Жаздын алгачкы сааттарынан бери күн көзү ачылбастан нөшөрлөп жатат. Атүгүл кашайып айрым тоолуу аймактарда кадимкидей кар дагы жаап таштады. Мунун аркасынан катарынан сел жүрүп, дарыялар ашып-ташып, жерлердин көчүүсү бара-бара активдешип баратат. Анткени, Кыргызстан өзү, айрыкча анын түштүк тарабы сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайланышкан.

– Муну сиз кандайча түшүндүрмөкчүсүз?

– Колубуздагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда 5000ге чукул жер көчкү, 2000ден ашык сел, суу ташкыны жүрүүчү аймак катталган. А жалпысынан өлкөбүз жалаң гана тоолордо жайланышкандыктан, бизде тогуз баллдык жер титирөөсү толук ыктымал. Иши кылып жаратылыш катаклизминин 70 пайызы республикабыздын түштүгүнө таандык.

– Ушинтип утуру коңгуроо кага бербестен, элибизди коопсуз жайларга мажбурлап болсо дагы көчүрбөйсүздөрбү? Мындай алгылыктуу аракеттер сиздер тараптан дегеле байкалбайт ко?

– Кантип? Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти бардык аймактарда үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп келатат. Ыкчам маалыматтарыбызды тиешелүү органдарга жана жергиликтүү бийликтерге кечеңдетпестен таратып дагы келатабыз.

Бекеринен бул маселе жакында Коопсуздук кеңешинде дагы каралбагандыр. Анткени, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери Кыргыз Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, акимдерге, айыл өкмөттөрүнө дейре улам-улам эскертип, жаратылыш кырсыктары бара-бара активдешкен айыл-кыштактардан элди милдеттүү түрдө коопсуз жайларга – атайын тигилген чатырлага көчүрүү жагын канкакшап келатабыз.

– Албетте, ишиниздер ушул тапта женил эмес?

– Ооба. Жаратылыш кырсыктарын, айрыкча жер көчкүлөрдү үзгүлтүксүз мониторинг кылуу өтө оор жараян. Аны деталдуу жана кынтыксыз изилдөө дагы абдан татаал жумуш. Андыктан, тиешелүү мекеме-уюмдарга аргасыздан кайрылып келатабыз. Тилекке каршы, мунун өзү абдан чон каражатты талап кылат экен. Ошого карабастан, чоң-чоң обьектилер жайланышкан опурталдуу жерлерди илимий жактан терең изилдөө иштерине атайын адистерди жалдап. дагыле иш жүргүзүп жатабыз. Анан мунун акысын айласыздан төлөп дагы жатабыз.

– Ушул тапта деги акыбал каерлерде өтө эле опурталдуу?

– Кыргызстандын түштүгүндө Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Майлуу-Суу шаарында, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Сүлүктүү шаарында акыбал чындап эле абат эмес!

– Искендер мырза, эми кантесиздер?

– Айлабыз таптакыр куруганда элди соттор аркылуу коопсуз жайларга мажбурлап көчүрүп жатабыз. Антпесек, өзүбүз сактанбасак, адеп сактай бергидей Кудай эмне бизге карыз беле? Алла деле сактанганды сактайт да, эй!

Карасаңыздар, Алай районундагы Таш-Короо айылында жашаган 98 үй-бүлөгө 1994-2002-жылдары эле турак жай куруу үчүн мамлекет тарабынан ссудалар берилген. Тилекке каршы, алар акчасын алып, бирок, жаңы конушка көчпөй коюшкан. Мына эми ушул тапта кудайлап, ооздорун жанына тиштеп олтурушат.

Өзү мыйзам боюнча кооптуу үйлөрдө жашагандарды мажбурлап көчүрүү акимдерге, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына түздөн-түз милдеттендирилген. Бул боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги токтому дагы бар. Тилекке каршы, муну жергиликтүү жетекчилердин бири дагы кыйшаюусуз аткарбай келатышат.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: