Menu

Айгүл Текебаева: Өмүрбектин ден соолугунда өзгөрүү жок

Бөлүшүү:

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал абактагы жолдошу менен 15-мартта жолугушкан боюнча көрүшө элек.

«Бизге бир жарым айда бир жолугууга уруксат бериле турган кылып койгон. Акыркы жолу киргенде абалы жакшы эмес болчу. Азыр деле өзгөрүү жок», — деди Текебаева.

3-апрелде Феликс Кулов, Темир Сариев баштаган коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик башчыларына кайрылуу жиберип, «Ата-Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге дарыланууга шарт түзүп берүүнү суранышкан. Кайрылууда Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганы, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени белгиленген.

Маалыматка караганда, эки жумадан бери Өмүрбек Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбейт, ошол жердеги дарыгерлер тарабынан ар тараптуу текшерүү толук жүргүзүлө элек.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган” деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Алардын соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган арыздары канааттандырылган эмес. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн “саясий куугунтук” катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: