Menu

Экс-ажо эмнеге Камчыбек Ташиевди цитаталап калган?

Бөлүшүү:

Баарынан да, Атамбаевдин: “Чынын айтыш керек, 6 жылдын ичинде көп иштер жасалды. Буга карабай эле сындап жатышат. Аныгында ушундай адамдарга таң калам… Мен мисал келтиргенди жакшы көрбөйм, бирок, Камчыбек Ташиевдин ушундай адамдардын бирөөсү жөнүндө айткан сөзүн келтиргим келет, ал: “өзүнүн айылында бир даараткана салганга жарабайт, бирок, баарын четинен сындап жүрөт”,- деп айткан. Бизде мындай мисалдар көп”,- деп айтканын уккандар таң калганын жашырышкан жок. Ошол замат: “кечээ эле өзү бийликте турганда жалган күнөө менен түрмөгө олтургузган саясатчыны качантан бери цитаталап калган?”- деп чыккандар болду. Атүгүл, “Атамбаев айткан күчтүү эки-үч партиянын бири Ташиевдики болуп жүрбөсүн”- деп божомол ыргыткандар да бар.

Негизи, Атамбаев айтпаса деле, Камчыбек Ташиевдин баскан жолу кыргыздын башка саясатчыларына үлгү болушу керектигин буга чейин жалпы журтчулук көп ирет айткан.

Өмүрүндө мамлекеттин бир кирпичин уурдабаган адамдын маңдай тер менен тапкан каражатын элдин турмушун жакшыртууга жумшап келе жаткандыгын миңдеген фактылар менен далилдесе болот.

Биринчиси, балдарына аскерге чакырууга келгенде биздин министр, депутат, жалпысынан айтканда аткаминерлер ар кандай шылтоолор менен алып калууга умтулушат. Бирок, Камчыбек Ташиев уулдарын патриоттук духта тарбиялап, аскерге өзү баш болуп узатып, алар аскердик милдетин ийгиликтүү аткарып кайтканын билебиз. Мына ушул жагынан да саясатчылар, чондор Ташиевден үлгү алышы шарт.

Экинчиси, биздин атактуу саясатчылар элди беш жылда бир жолу араң эстешет – ал шайлоо өнөктүгүндө. Камчыбек Ташиевдин айырмачылыгы, бир гана өзүнүн айылы же району эмес, республиканын ар тарабынан кайрылган адамдардын маселесин чечип берүүгө дайыма аракет жасайт. Мисалы, Барпы айыл округунда Ташиевдин жардамы менен жүздөгөн чакырым жолдор ондолду, мындай жолдор Жалал-Абад шаарынын өзүндө да жок болсо керек. Спорт залдарды жаштар үчүн ар аймактарда салып берип жатат. Кыргызстанда бай депутаттар көп. Алар шайлоодо акчасын чачып, арагын куюп шайланууну көздөйт, кийин элин унутат. Мына ошолор Ташиевден үлгү алып, элин унутпай колдоп турушу шарт.

Үчүнчүсү, Камчыбек Ташиев саясатта эч качан өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгон эмес. Буга анын 2011-жылкы президенттик шайлоодон кийин өлкөдө оор кырдаал түзүлгөндө Атамбаевге негизги атаандаш катары ызы-чуу жаратпастан, өлкө, эл тынчтыгы үчүн митингдерден баш тартып, элди токтоткондугу анык далил. 2012-жылы “Кумтөр” боюнча тарыхый маселе каралып жатканда да нааразы болгон эл Ак үйдү карай агылып, күч органдары элге аёсуз күч колдонууга даярданганда акырын жашынып кабинетине кирип кетпей, ошол элдин алдында болуп, “ок атпагыла, тийбегиле!” деп жүрдү (ошол кезде аны көбү шылдындаган менен, кийин анын баатырдык кадамын баалашты). 2015-жылкы парламенттик шайлоодо шансы жогору болуп турганына карабастан, түндүк-түштүк элин бириктирүү максатында Өмүрбек Бабанов менен бирикти. Саясий өнөктөшү сатып кеткенине карабастан, ага багыштап жаман кеп айтпай, элге берген убадасында турду. 2017-жылкы президенттик шайлоодо да Камчыбек Ташиев көп ойлонуп, акыры өлкөбүздүн туруктуулугу, стабилдүүлүгү үчүн бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоду. Белгилей кетчү нерсе, башкалар мансап, кызмат үчүн колдосо, Камчыбек Ташиев эч нерсе сураган жок.

Мына ушул кадамдары менен Камчыбек Ташиев саясатчы катары кыйла өскөнун далилдеп, анын патриот, эл-жер үчүн эч нерседен кайра тартпаган жакшы сапатка ээ болгонуна күбө болуп келебиз. Арийне, Атамбаев деле өлкөнүн келечеги үчүн 15-20 жылдан бери саясатта бышып, кимдин-ким экенин билип калды. Анын атайын К.Ташиевди кошуп сүйлөгөнү бул саясатчыга карата сый-урматы жогору экенин билдирип турган жокпу?

Өлкө, эл-жер үчүн Камчыбек Ташиевдин кызмат кыла турган курагы. Ата-Журт” партиясы алдыңкы саясий күчтөрдүн бири. Демек, келечекте бул инсандын жакшылыгына элибиз дагы көп күбө болот…

Булак: “Саясат.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: