Menu

Кыргыз-тажик чек арачылары Баткенде чыр чыккан тилкени чогуу кайтарууда

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтары Баткенде чатак чыккан тилкени бирге кайтарууну макулдашты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын “Азаттыкка” айтканы боюнча, эки тарап чыр-чатак жөнгө салынмайынча чогуу иш алып барышат. Учурда Кыргызстандын Баткендеги чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, андан жаңжал тутанганы расмий кабарланган. Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Окуяда бир нече киши жеңил жараат алган. Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: