Menu

Видео – Журналист Турат Акимов менен ашынган КСДПчы Алга Кылычев соттошуп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда белгилүү журналист Турат Акимов менен ашынган КСДПчы, “Дан” ишканасынын директору Алга Кылычевдин соту улантылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы журналист Турат Акимовго кол салуу болуп, үйүнүн алдынан бирөөлөр башына арматура менен чаап кетишкен. Ал окуянын алдында Турат Акимов менен Ички иштер министри Мелис Турганбаев жолугушуп, Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу сырдуу маалыматты талкуулашып, экөөсү араздаша кетишкендиктен Акимов бул кылмышка Мелис Турганбаевди шекшийм деп билдирүү жасаган. Андан 5-6 күн өткөндөн кийин Мелис Турганбаевдин тегерегинде жүргөн Алгач Кылычов аттуу адам Турганбаевге тийиштүү деп айтылып жүргөн Кабарлар агенттигине интервью берип, журналист Турат Акимовду каралагандыктан Акимов өз ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылган.

Видео Адил Турдукуловдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: