Кечээ, 3-апрелде «Электр станциялар» ААК Бишкек шаардык ЖЭБ модернизациялоону башкаруу боюнча топтун аткаруучу директору Бримкулов Темирлан камакка алынды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
КР МУКК 2018-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаардык ЖЭБ, «Электр станциялар» ААК жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы » ААК айрым кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул кылмыш иши 2018-жылдын 30-январында КР Башкы прокуратурасы козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп тергелүүдө.
2018-жылдын 3-апрелинде «Электр станциялар» ААК Бишкек шаардык ЖЭБ модернизациялоону башкаруу боюнча топтун аткаруучу директору Бримкулов Т.Н. кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча шектелип, кармалды.
Учурда Бримкулов Т.Н. Кыргыз Республикасынын МУКК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ