Menu

Бабановду байлыгы сактап калалбайт

Бөлүшүү:

Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк деген макалдын чындыгы бар экенин мына эми билип жаткандайбыз. Айрыкча “туз” кармашып дос болгондор тез эле айткан кебин танып кетүүгө ниетин бурганы жакшы касиеттин белгиси эмес. Ортодо дасторкон жайылган кезде дос да, башка оорчулук келип турганда кас болгондун өзү натуура.

Саясаттын деминен “балык” кармайм деген эрлер анын “майына” тайгаланып, жыгылып эми минтип бири-бирин көргүсү келбей жаткан кези. Болбосо мен президент, сен спикер болосуң дешип күпүлдөшкөн эки дос- Өмүрбек Бабанов менен Канат Исаевдин ортосуна ким “чагылган” түшүрмөк эле? Ошол бийлик, мансаптын түбүнө жетем деп оолуккандардын тешигине саясат деген “шайтан” шынаа кагып жибербедиби.

Кызыгы, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүүгө жасалган аракеттен улам кылмыш иши козголор замат экс-лидер Бабанов-“Мен мыйзамсыз кадамдарга баргандар менен мамиле кылган эмесмин, андай адамдарды тааныбайм”-деп купшуңдап чыга келди. Бирге “жарышка” түшүп жүрүп капканга чабылган Канат Исаевди такыр тааныбайм десе деле таң калбайбыз. Анткени саясат дегениң ошентип карөзгөй кылып коет адамды. Антсе да адамдык сапат дегенди да тебелебеш керектигин унутпаса дурус болмок. Кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин эми күч түзүмдөрү аныктайт дечи? Ошентсе да жанын жебей, жигитчилигин ылдый түшүрбөй жүргөндүн өзү чоң адамгерчилик экенин да кепке кыстарууга туура келди.

Ооба, кыйла жылдан бери чогулткан “берекесинен” Өмүкең көздү ачып жумгуча ажырады? Маселен, ал лидерлигин Руслан Казакбаевге өткөрүп берүүгө мажбур болду. Мандатын дагы Марлен деген жигитке тарттырды. Саясаттан да биротоло кетем деп коомчулукка билдирди. Аттиң, антсе да аны саясат деген “эргул” жакасынан капшыра кармап муунтуп жаткан кези. Ал тургай абдан оор беренелерди токуп жылгыс кылып тушап таштады. Кана эми убагында “жол” болуп төшөлгөн депутаттары аны коргой алабы? М. Жээнчороев, К. Бокоев, М. Сабиров, А. Өмүрбековалар парламентте маселе көтөрүүгө батынабы? Анте алышпайт, анткени поезд эбак перронго жеткен. Мойлосун майлагандар, 65 пайыз шайлоочулар колдойт деп калпты кайнаткандар, укмуш кеңешин берип акыры Бабановду жайлагандар азыр ийинге кирип “бармагын” соруп калышты. Ширин ыры, одалары менен сүйкүмдүү көрүнгүсү келгендер канаты жулунган короздой болгон абалда турушат. Кыргызстандагы биринчи сапта турган байынын 1,5 милиард доллары эми “жанын” сактай албасы белгилүү болгондой. Көрсө таза, калыс, айбаттуу президент өлкөгө башчы болуп келсе байлык менен маселе чечилбейт экен. Мына ушул мисал башка көпөстөргө да чоң сабак болоруна негиз түзүлдү. Көрсө, ашынган байлыктан азап жаралып каларын байкадык. Ошондуктан көп эле элдин ырыскысына көз артканды токтоткула. Байлыкты “тиякка” кошо алып кете албайсыңар, ачкөздөр, тойбостор. Өз көмөчүңө күл тартканды эмес, мекенди сүйүүнү үйрөнсөк мамлекетибиз дүркүрөп өсүп, карапайым жарандардын жашоосу жакшырып, бай менен кедей деген бөлүнүүчүлүк кескин түрдө азаймак. Албетте, ага жетиш оорчулук келтирет, бирок жалпылап киришсек тоскоолдуктарды аңтарууга жол ачылат. Ошол эле Ө. Бабановдун байлыктарын өлкөгө кайтарсак адилеттикке жеткенибизди түшүнмөкпүз. Бийликтин эрки минтүүгө жетеби деген маселе да көкүрөктө “сары зил” болуп турганы жалган эмес.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: