Menu

Элнура Боронбаева, балдардын клиникалык ооруканасынын директору: «Балдардын саламаттыгы баарынан кымбат

Бөлүшүү:

Кыргыз эли илгертен балага астейдил мамиле жасап, келечек муунга камкордук көрүп келишкен. Бекеринен кыргызда “Бала — үйдүн шам чырагы”, “Балалуу үй — базар”, “Балам — бактым” деп айтылбаса керек. Негизги орунда баланын ден соолугу болуп, саламаттыгы жакшы муунду өстүрүүгө, алардын оорубастыгына, ар кандай ооруларды алдын-алууга аракет кылышкан. Бүгүнкү күндө балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү медициналык мекемелерде кандай болуп жаткандыгы тууралуу кабар алганы Оштогу областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасына кайрылдык.

Биздин ооруканада эмгектенип жаткан дарыгерлер балдарга ар тараптуу жардам берүүгө, аларды оорудан сакайтууга өз салымын кошуп келишет. Оорукана бир гана Кыргыз Республикасында эле эмес, бүткүл Борбордук Азиядагы ири дарылоо мекемелеринин бири болуп эсептелет. Акыркы 10–20 жыл аралыгында клиникалык оорукананын жамааты бейтап балдарды дарылоонун илимий усулдарына көңүл буруп, дарылоонун жаңы, заманбап усулдарын колдонуу менен учурдун заманбап медициналык техникасын колдонушат. Мындай чоң жамаатта КРдин Эмгек сиңирген дарыгерлери, 40тан ашуун медицина илимдеринин кандидаттары чыгып республикалык дарылоо айдыңында жана Эл аралык медицинада таанылышты. Азыркы мезгилде оорукана ОшМУнун медицина институтуна, атайын медициналык окуу жайларына, ошондой эле дипломдон кийинки медициналык окутуу борборлоруна клиникалык база болуп эсептелет.

ЮНИСЕФтин глобалдык отчётуна ылайык, 2015-жылы Кыргыз Республикасы ЦРТ 4кө жеткен (балдардын өлүмүн 2/3 деңгээлине кыскартуу боюнча) 24 мамлекеттин катарына кирди. Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөн ымыркай балага алып караганда 65 учурдан 2015-жылы 21,3учурга кыскарган.

Мындай багыттуу коюлган иш-чаралардын координациялуу ишке киргизилиши биздин мамлекеттин ресурстарынын чектелген шартына карабай коюлган максаттарга жетүүгө шарт түздү.

Бул натыйжалар бир күндүн гана натыйжасы эмес, 2007-жылдан бери келе жаткан саламаттыкты сактоо системасын реформалоо боюнча улуттук программанын үзүрлүү жыйынтыгы десек жаңылбайбыз. Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, биздин мамлекеттин аймактарында балдардын ден соолугун сактоо боюнча тең укуктуу иш-чаралар каралган. Бир гана борбордо жакшы медициналык кароо бар деген жаңылыштык, анткени айрым аймактарда сапаттык тейлөө жогорку деңгээлде. Биздин тажрыйбабызда көрүнгөндөй, аймактык дарыгерлер жана медайымдар тейлөөнү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү жагынан мониторингде алдыңкы катарларда турушат.

Саламаттыкты сактоо реформасынын алгачкы программаларынын бири — “Манас”, “Манас таалими” программалары. Анын негизги стратегиялык максаты — биринчи звенодогу медициналык-санитардык жардамды берүү структурасын бекемдөөгө, ФАПтарга медициналык шаймандарды сатып алууга, дарыгерлер тобуна, алыскы айыл аймактарында тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Ал эми учурдагы “Ден соолук” программасы да бир нече приоритеттүү багыттарды өз ичине алды. Мисалы, балдардын ден соолугун сактоо жана кароо биринчи деңгээлде гана кароо эмес, стационардык жактан да кароого багытталып, комплекстүү тейлөөнү ишке ашыруу болуп саналат. Буга далил катары ресурстук Программанын алкагында чектелген ресурстук шартта балдарга стационардык жардам көрсөтүү жакшы жолго коюлган. Мындай колдоо Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (ВОЗ, ЮНИСЕФ, ЮСАИД) колдоосу менен болуп, аталган программа мамлекетибиздин бардык аймактарында ишке ашып жатат.

Бүгүнкү күндө аталган программанын Ош областтар аралык балдар клиникасында да ишке ашырылышы өзүнүн жогорку эффективдүүлүгүн көрсөтүп, ооруканага негизсиз балдардын жаткырылышы, ашыкча керек эмес препараттарды колдонуу, куюлмаларды куюу кескин кыскарды, андан да негизгиси оорукана ичиндеги инфекциялардын, балдар оорусунун жана өлүмүнүн азайышы болду. Ошондой эле, оорукана материалдык-техникалык басзасын жакшыртуу менен кеткен чыгымдар азайды, түштүк аймагында биринчи жардам көрсөтүү, балдарды медикаменттер менен камсыз кылуу жакшырды.

Баса белгилей кетчү нерсе, ЮНИСЕФтин колдоосундагы аталган программанын реализацияланышы менен 24 сааттык госпитализация ачылды, тактап айтканда, бир күндүк ооруканада жатуу менен керектүү медициналык кызматты балага көрсөтүү, анын эртерээк сакайышына, стационардык дарыланууда жеңилирээк дарыланууга, эң негизгиси, мамлекеттик бюджетти эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Ошону менен катар калкка медициналык сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөө көтөрүү үчүн кең масштабдагы маалымат-коммуникациялык технологияларынын пайдаланылышын айтсак болот. 2015-жылы биздин ооруканада жыйынтыктуу мамлекеттик башкарууну колго алуу программасынын (GGPA) алкагында медициналык маалымат системасы ишке киргизилди.

Медициналык маалымат системасынын (МИС) негизги багыттарынын киригизилиши төмөнкүлөр:

ООАБКОнун бейтаптарына байланыштуу тейлөөлөрдүн бардык операцияларынын автоматташтырылышы: бейтаптын ооруканага же кабыл алуу бөлүмүнө киргенден баштап, анын чыгып кеткенине чейин;

  • ооруканадагы бардык бөлүмдөрдүн тейлөө сапатынын көрсөткүчтөрү;
  • маалыматтардын берилишинин сапаттык көрсөткүчүнүн жогорулашы, ашыкча маалыматтардын азайтылышы, персоналдардын профилине тиешелүү эмес кызматтардын (ашыкча жазуу кызматтарын аткаруунун) азайышы;
  • бейтаптардын медициналык карталарынын бирдиктүү электрондук базасынын ачылышы ж. б.

Медициналык маалымат системасынын масштабдык жактан практикалык колдонушу болгон эмес. Мындай иштин жайылтылышы медициналык кызматкерлерге маалыматты оңой билүүгө, көрүүгө, күнү-түнү пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Кагаз форматындагы документтердин айлануусу азайып, аны толтурууга кеткен убакытты үнөмдөөгө шарттар түзүлдү. Мындан башка, каттоодо, кабыл алууда бейтаптардын, кассада кызматкерлердин узун кезегин кыскартуу жагы да пайдалуу да болду. Ошондой эле, бейтаптардын маалыматтарынын электрондук архивге өткөрүү коопсуздугу да эске алынды.

Азыркы учурда ООАБКОнун бейтаптары кезекте турууга кеткен убакытты үнөмдөшүп, кечиктирилгис медициналык тейлөөнү алып жатышат. Дарыгерлерге болсо кеңештерди жана дайындамаларды оңой ишке ашырууга шарттар бар.

Проекттин уландысы, саамалыгы катары башка да мекемелерде да (Жайыл аймактык ооруканасында, Ысык-Көл областтык бириккен клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Аксы борборлоштурулган райондук ооруканасында, Оштогу атайын бейтапканада ж. б. республикабыздын аймагындагы ооруканаларда) электрондук саламаттыкты сактоо улуттук стратегиясы рамкасында улантылып жатат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, кайсы гана маалымат булагын албайлы ар кандай сунуштар, ойлор кийинки иштердин жүрүшүн (функциясын) жакшыртууга өбөлгө болот. Алсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “Оорукана дарыканасы” модулу сунушталган. Аталган модуль ооруканадагы дарыканалардын, ошондой эле бөлүмдөрдөгү, кабинеттердеги, медициналык уюмдардын дарыкана пункттарындагы товардын деталдуу аналитикалык учётун чыгарып турууну камсыз кылат.

ФОМС тарабынан төмөнкүдөй сунуш берилген, алардын маалымат базасы менен оорукананын маалымат базасын катышын уюштуруу. Мындан веб сервиз уюштурулуп, анын негизинде камсыздандырылуунун ооруканадагы статусун текшерүү медициналык маалымат системасынын он-лайн режиминде текшерилет. Ошентип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ФОМС тарабынан берилген сунуштарды ишке ашыруу үчүн жана ООАБКОнун саламаттыкты сактоонун электрондук системасынын сапатын жогорулатуу үчүн ЮНИСЕФтин көмөгү менен биз маалымат системасын жаңылап, аны ишке ашырууну колго алдык. Ооруканага келген ар бир бейтапты, анын ата-энесин, жакындарын колдоо, балага медициналык жардам көрсөтүү — биздин башкы милдет. Бул милдетти бардык дарыгерлер, медайымдар чын дилинен аткарууга аракет кылышат. Биз келечек пландарыбызда да ооруканадагы шарттарды мындан да жакшыртууга, мүмкүн болсо жогорку деңгээлге чыгарууга аракет кылып жатабыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген көрсөтмөлөрүн, Токтомдорун, жоболорун өз учурунда аткарууну, анын негизинде оорукананы өнүктүрүүнү жакшы жолго койгонбуз десем жаңылышпаймын. Алсак, мамлекеттик тил саясаты жакшы жолго коюлган. Бардык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө байланышкан иш-чаралар өз учурунда белгиленет. Ооруканадагы көрсөтмөлөрдүн, ооруулардын маалыматтарынын көрнөктөрү кыргыз тилинде илинген.

Ишембиликке чыгуу сыяктуу иштер оорукананын адаттагы иштери. Анткени тазалыкты сактоо биринчи орунда турат. Ал эми кызматкерлерди маданий ишке тартуу сыяктуу иш-чаралар майрамдарга карата өткөрүлүп турат. Биздин жамаат ынтымагы бекем, кандай иш болбосун белсенген, өз ишин сүйгөн мыкты жамаат десем жаңылбаймын.

Булак: “Ачык cөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: