Menu

Президент Жээнбеков мамлекеттик чиновниктерге аффилирленген ишканалардын мамлекеттик тендерлерге, сатып алууларга катышуусун чектеген мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу.

Азыркы учурда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык уставдык капиталга катышуунун критерийи боюнча аффилирленгендикти белгилөө үчүн юридикалык жакка карата ар кандай жак үчүн акциялардын 20 жана андан ашык жалпы санына ээлик кылуу укугу болуш керек. Бул негиздеме боюнча акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон жактар аффилирленген деп эсептелбейт жана аларга мыйзамда каралган чектөөлөр жайылтылбайт. Ошол себептен Мыйзамда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-берененин бешинчи абзацында аффилирленгендикти белгилөө үчүн акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын ичинен 20 жана андан ашык пайыздагы акцияларга ээлик кылуу фактысынын болушу зарыл деген ченем алынып салынган.

Мыйзам күчүнө киргенден баштап саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон учурда алар аффилирленген жак болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: