Menu

“Форум” ишканасына чогулуп жаткан реваншисттерге дагы кимдер кошулат?

Бөлүшүү:

Бийликтен такыр кеткиси келбеген кокуйлардын баары азыр Алма-Ата көчөсүндөгү Атамбаевге караштуу “Форум” ишканасына чогулуп, колдорунан аргасыз алдырган бийлигин канткенде артка кайтарып, реванш алабыз деп баш катырышууда. Өздөрү бийликте олтурган 6 жылда жарытылуу бир да реформа жүргүзө албай, өлкөнү ички-тышкы карызга батырып, коррупцияны асманга ашырып, бийликтин булагы эл экенин унутуп, бийликти бир гана ресурстарды көзөмөлдөө куралы катары, жеке баюунун жолу катары түшүнгөн реваншисттер бийликтин булагы да бизбиз деп калышкан. Эми жаңы президентти да биз башкарабыз деп колу-бутун тушап, иштеткилери келбей жатышат.

Ошол эле “Форумда” Алмаз Усенов баштаган идеологдору мурунку мамлекеттик каналдын ресурстарын пайдаланып, “Апрель” телеканалын, электрондук ММКларды, гезиттерди уюштуруп, жаңы бийликке каршы информациялык согушка даярданып жатышат. Фарид Ниязов баштаган саясый технологдору канткенде жаңы бийликти көзөмөлдөп калабыз деп ар түрдүү айла-амалдарды, интригаларды саясый комбинацияларга айлантууга жанталашууда.

Анда “Форумдагы” реваншисттердин өзөгүн кимдер түзөт, тизмектей баштайлы:

-Фарид Ниязов  – Атамбаевдин мурунку кеңешчиси, оң колу

-Алмаз Усенов   – Атамбаевдин мурунку аппарат башчысы

-Алмазбек Курманалиев – Атамбаевдин мурунку Коопсуздук кеңешинин катчысы

-Мар Топоев      – Атамбаевдин мурунку протокол башчысы

Эми аларга кимдер барып кошулушу мүмкүн?

-Дамир Мусакеев – Атамбаевдин жан сакчыларынын башчысы

– Абдил Сегизбаев – УКМКнын Атамбаев дайындаган башчысы

– Болот Сүйүнбаев  – Атамбаевдин мурунку жан сакчысы, азыр УКМКнын төрага орун басары

– Икрамжан Илмиянов – Атамбаевдин мурунку шоопуру жана кеңешчиси

Калган тизмени окурмандар улантсын.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: