Өзбекстан Юстиция министрлиги «Менинг юртим» (MY5) телеканалынын жетекчилигине жарандардын жеке жашоого болгон кол тийбестигин бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берди.
Буга чейин телеканалдын журналисттери паркта кучакташып, өбүшүп отурган жаш түгөйлөрдү жашыруун камера менен тартышкан. ТВ-долбордун автору жана алып баруучусу “берүү жаштардын адепсиз аракеттерин айгинелөөгө багытталганын” билдирген.
«Жашыруун камера» берүүсү 1-апрелде MY5 телеканалында көрсөтүлгөн.
Юстиция министрлигинин катында журналист кесиптик ишин аткарып жатканда жарандардын укугу менен эркигиндигин,ар-намысын сыйлоого тийиш экени айтылат.
Министрлик жаш түгөйлөрдүн аракетинде мыйзам бузуу жок экенин, тескерисинче, телеканал кызматкерлери кесиптик жактан чабалдыгын көрсөтүшкөнүн баса белгилеген.
Долбоордун алып баруучусу Бадриддин Хусниддинов жеке жашоо кол тийбестигин бузбаганын, каармандардын жүзү көрсөтүлбөгөнүн билдирди. Ал парктагы түгөйлөрдү жашыруун камерага тартууну улантарын жана жума сайын телеканал аркылуу көрсөтөрүн айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ