Сапар Исаков өкмөт башчы болгондон бери чыр-чатактуу долбоорлор менен элге жаман көрүнүп, кадр саясатынын да ашмалтайы чыгып, айтор, жакын арада отставкага кетүүсү каралып аткандай. Ордуна Москванын колдоосу менен бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун келе турганы, бул сунуш Алмазбек Атамбаевге да жагары каңкууланууда. Ал эми аракеттеги президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик орунга кимди сунуштайт болду экен? Бул жагы азырынча белгисиз. Парламент ичинде да ар кандай оюндар жүрүшү турган иш. Бирок, аныгында президенттин көрсөткөн талапкерин колдошорун эсибизден чыгарбасак. Ушул күндөрү Кулматов кудуңдап жаткандыр, а келечекти эч ким билбейт да. «Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» демекчи, эмесе, абай сала туралы.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ