Menu

Генерал Суваналиев күч органдарынын бирине келсе, өлкөдөгү коррупция менен кылмыштуулук тизгинделет

Бөлүшүү:

Өткөн саныбызда генерал Өмүрбек Суваналиев башкы прокурорлукка же УКМК төрагасына дайындалса, президент Сооронбай Жээнбеков айткан 35 коррупционер 100 күндө камалары боюнча жазылган. Дал ушул маалыматтан кийин өлкөдөгү ууру-кески мамлекеттик кызматкерлер, экс-чиновниктер үркүп кетишиптир. Себеби, буга чейин күч органдарында тажрыйбасыз, иштин көзүн билбеген чалагайым жетекчилер иштеп келди да, туурабы?

Анан «Комиссар Каттанинин» аты аталганда коомчулукка чындап жакты. Эске салсак, Суваналиев 1997-98-жылдары Ош облустук КГБсын башкарганы, ошол кездерде алгачкы баш көтөргөн террористтерди кынга киргизип, андан сырткары Тажикстанга өтүп бараткан көп сандаган контрабандалык курал-жарактарды кармаганын унута элексиңерби? Баса, 2010-жылы июнь коогалаңында да Ошто башкы колбашчы катары тынчтыкты орнотуп, согуш бүткөндө кызматын тапшырып кеткен. Мындай фактыларды жаза берсек, кагаз бети түк келбейт.

Биз эмнеге эскерип атабыз? Аныгында, бүгүн дагы Өмүрбек мырза керек болууда, ал күч органдарынын башына келсе, жеке партийный же бир ууч саясый топтун кызыкчылыктарынан жогору туруп, мамлекеттин коопсуздугун чыңдоого чындап киришүү менен коррупция жана кылмыштуулукту тизгиндеп, эл үчүн таза кызмат кылат болчу. Учурда дал ушундай проффесионал кадрга муктаж болуп турганыбызды моюнга алышыбыз керек.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: