Menu

Жамшитбек Калилов, транспорт жана жол министри: Мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болсо да, жоопкерчиликти мойнубузга алып келгенбиз

Бөлүшүү:

– Жамшитбек Калилович, соңку кезде сиздердин дарегиңиздерге «мурда салынган жолдор кеминде он жыл чыдаса, азыркы жолдор кар менен кошо эрип кетип жатат» деген сыяктуу сындар көп айтылууда. Буга министр катары кандай жооп берер элеңиз?

– Биз, транспорт жана жолдор министрлиги быйылкы жылдан баштап үч функцияны: буюртмачы, подрядчы жана консультант дегенди өз-өзүнчө бөлдүк. 2018-жылга чейин транспорт министрлиги өзү буюртмачы, өзү кабыл алуучу болуп, эки функцияны бирдей алып келген. Бул бир аз туура эмес болгон. Кийинки жылдан баштап жолдун сапатын кабыл алууну, көлөмүн эсептөөнү, лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп алууну биз транспорт министрлигинен көз карандысыз, сырткы ишканаларга тендер аркылуу беребиз. Жанагындай «кар менен кошо асфальт дагы эрип кетти» деген сөздөр акыркы убакта учкул сөз болуп калды. Чындыгында анча-мынча кемчиликтер бар, аны биз моюнга алабыз. Бирок, биз кемчиликтердин себептерин тескеп, болтурбоонун үстүндө иш алып барып жатабыз. Экинчиси, транспорт министрилигинде ошол жердеги колдонулуп жаткан материалдардын сапатын текшерип ала турган бир инструмент болгон эмес. Былтыр Россиядан өзү жүрүүчү бир лаборатория алып келгенбиз. Быйыл июлдун башына чейин экинчисин алып келебиз дагы, асфальттын, битумдун жана башка материалдардын сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга чейин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп туруп, анын жоопкерчилигин мойнубузга алып келгенбиз. Эми андай фактылар азаят деп ишендирип кете алам.

– Комитеттин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу айтты окшойт, «көпүрөнүн курулушуна байланыштуу бир киши жөн эле камакта жатат» деп. Ошондой да болобу?

– Чындыгында былтыр ӨКМдин тыянагы менен көпүрөнү кайра куруу маселеси болгон. Табигый кырсыктар болгон учурларда биздин департамент тез чечим кабыл алганга укугу бар, бул мыйзам менен белгиленген. Долбоорун «Кыргыздортранспроект» институту бүткөрүп берген. Сметалык баасы аныкталган. Үч фирманын ортосунда тандоо жүргөн. «Кербенкурулуш» фирмасы чечилгендигине байланыштуу ошол фирма тандалган. Контракттын негизинде Россияга акча которулган. Булар адегенде элүү пайыз берип, кийин дагы 25 пайыз акча берип коюшкан. Мен процесс башталганда департаменттин, ДЭПтин жетекчиси менен кеңешме өткөргөм. Булар мага «жабдуулар тезирээк келип, коюлуп калуу жагын караганбыз» деп түшүндүрүштү. Себеп дегенде, 1-сентябрга көпүрө бүтүшү керек эле. Подрядчик акчаны Россияга мыйзамдуу которгон. Бирок, аягында көпүрө курулбай калды да. Биз ал ишкананы сотко бердик. Азыр сот процесси жүрүп атат. Бирок, департаменттин директорунун үстүнөн иш козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул учурда мен «андай, мындай» деп сүйлөсөм туура эмес болуп калат. Биз көпүрөнүн элге керектүүлүгүн көрүп туруп (эл айланып өтүп атат да), аны министрликтин күчү менен курууга чечим кабыл алдык. Май айына, суу киргенге чейин пайдаланууга тапшыралы деп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

– Ал акчалар кайра өнөрүнө үмүт барбы?

– Үмүт бар. Сот аркылуу… Алардын мүлктөрү бар экен.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: