Menu

Күйүүчү май ташуучулардын козголоңу уланууда

Бөлүшүү:

Маршруттук таксилердин иш таштоосун улай күйүүчү май ташыган унаалардын айдоочулары унааларды камсыздандырууга жана айып пулдун көлөмүнө нааразы болуп иш ташташкан. Бишкек – Ош жолундагы «Сосновка» көзөмөл-өткөрүү бекетинде турган айдоочулар али ишин баштаган жок. Бул туурасында жук ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев билдирди.

Ал «биздин максатыбыз – күйүүчү майды такыр эле аймактарга жеткирбей коюп, элди кыйноо эмес. Бизге май куюучу жайларда күйүүчү май түгөнүп, жетишсиз болуп жатканын айтышкан учурда 100 жүк ташуучу унаа ичинен күнүнө 4-5 унааны жиберип жатабыз. Транспорт министрлигинин өзүнүн кызыкчылыктары бар, алар чечип бере алышпайт. Биз өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, маселени терең изилденишин каалайт элек» деп билдирди. Алар жумушка чыгышпагандыктан түштүктө күйүүчү май жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: