Menu

Равшан Жээнбеков: Президент Жээнбеков УКМК башчысын алмаштырса эле саясат өзгөрөт

Бөлүшүү:

31-мартта КСДП съезди өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын лидерлигине  шайланды. Буга чейин 4-5 ирет ар кандай себептерден улам кийинге жылып келген съезд улуттук филармонияда өтмөк болгон. Бирок, эмнегедир бир күн калганда «Ориондо» боло турганы кабарланды. Ошентип, жыйын жабык эшик артында өтүп, массалык маалымат каражаттары киргизилген жок. Жыйындын жабык өтүшү коомчулукта көп суроолорду жаратты. Демократиялуу өлкө тарыхында партиялык съезддер эч качан жабык өтпөгөнүн айткандар, бул окуяны оор учурда арга кеткендеги кадам катары баалашты.

– Равшан мырза, Кыргызтандагы эң таасирдүү КСДПнын съездине партиядагы бир топ лөктөрдүн катышпаганы, анан да жыйындын өзү жабык эшикте өтүшү эмнени түшүндүрөт?

– Өткөн базардан баштап КСДПда толугу менен абал өзгөрдү. Мурда бул партия бийликтин күчү менен өлкөнүн баардык региондорунда таасири күчтүү аталып келген болсо, өткөн жумадан баштап КСДП регионалдык партияга айланды да калды. Минтип ишенимдүү түрдө айта берсек болот. Анткени, кандай болбосун, түштүктөгү КСДПнын күчү биринчи бийликтин күчү болчу, экинчиси, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун командасынын чоң салымы эле. Өткөн жумадан баштап КСДП катардагы, мүмкүн керек болсо түндүктө да бекем кармана албаганын айтат элем. Убакыт бат эле көргөзүп коёт. Мен анализ кылып айтып жатам.

Съезд эмне үчүн жабык өттү? Анткени, оор убакытта өтүп жатат. Бийлик экиге бөлүнүп, эки бутак пайда болду. Бири Атамбаевдин тобу, экинчиси жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун тобу. Ошолордун ортосундагы конфликт КСДП съездин да, Атамбаевдин маалымат жыйынын да башкача өңүткө буруп салды. Съезд ошон үчүн жабык өттү. Түштүктөн келген делегаттардын кээ бирлери нааразы болуп, чыгып кетишти. Ал процесс дагы уланат, керек болсо күчөйт. Түштүктө жакынкы убактарда КСДП бөлүмдөрүнүн дээрлик баардыгы жабылып калышы дагы ыктымал. Кандай дегенибиз менен, экөөнүн ортосунда чоң конфликт башталды. Тарыхта бийликти достор эмес, ата менен бала бөлө албай келген. Ошондуктан, Атамбаевдин бийликке коюп жаткан талаптары ишке ашпайт. Бийлик болгондон кийин ал өзүнүн саясатын жүргүзөт, өзүнүн кызыкчылыгы, командасы бар. Ошолордун ортосундагы конфликт эки достун ортосуна чоң ажырым алып келди.

– Учурдагы саясый абалдын арты эмнеге алып келиши мүмкүн? Түндүк-түштүк саясаты чыгып кетүү коркунучу жаралбайбы?

– Эки тарапта тең ошондой коркунуч бар. Тилекке каршы, биздин президенттер бийликке келатканда, бийликти кармап калууда, бийликти жоготуп жатканда дайыма ушул түндүк-түштүк картасын ойнотуп жиберишет. Бул аябай жаман көрүнүш. Мурдагы президенттердин убагында дагы ошондой болгон. Баарыбыз билебиз аны. Ошол процесс кайра башталды. Реалдуу башталганын мен байкап, көрүп жатам. Кайсы жерге барып токтойт, ал башка маселе. Бирок, тилекке каршы, бул аябагандай жаман процесс. Биз ушул процессти токтотконго, колубуздан келишинче аралашпаганга аракет кылышыбыз керек.

– Жээнбековдун президенттик кызматка келгенине үч айдан ашты. Ушуга чейин Атамбаевдин саясаты жүрүп келгени талашсыз. Мындан ары кандай болот, экс-президенеттин таасири түшө баштайбы?

– Атамбаевдин таасири кескин түрдө азаят. «Бүгүнкү күндө факт түрүндө парламентте КСДПнын таасири жок» деп койсок да болот. Көбү Жээнбеков тарапка ыкташты. Эгер азыр Жээнбеков күчү жетип, күч структураларына реформаторлорду, же саясый салмагы бар адамдарды алып келе алса, анда эле Атамбаевдин бийлиги толугу менен жок болот. Азырынча баарын алып кереги жок, бир эле УКМК башчысын гана өзгөртө турган болсо, өкмөт да, башкы прокуратура да бир күндө толугу менен Жээнбековго баш ийе турган мамлекеттик институтка айланышат. Андыктан, менин оюмча, президент эң маанилүү кадамды УКМК башчысынан башташы керек.

Маалымат жыйында Атамбаев Жээнбенковдун дарегине да сындарды айтты. Башкысы, ТЭЦ боюнча Жээнбековдун өзүн күнөөлөдү. Бул боюнча эмне айта аласыз?

– Ички маселелерин билбейм, бирок кызыктуу бир нерсе байкадым. Атамбаев маалымат жыйында «мынакей, ошол убактагы кол койгон нерселер» деп кагаздарды көргөздү. Документ деген эч жакка кыйшайбай турган нерсе. Биз көрө албайбыз, бирок ал маанилүү катары айтты. Демек, Атамбаевдин колунда ТЭЦ боюнча кандайдыр бир маанилүү документтер бар болушу мүмкүн. Балким биз ойлогондон да маанилүүдүр. Анткени, кийинки бийликти бекем кармап туруш үчүн ага күчтүү фактылар керек болгон. Ошолорду чогултуп жүргөн чыгаар. Баарын убакыт көргөзөт, кандай болорун.

Экинчи маселе, Атамбаев бажы тармагы боюнча «жаңы президенттин адамдары отурушат, ошолордун жүргүзгөн саясаты» дегендей көз карашын айтты. Бул боюнча дагы чоң маселелер жаралышы мүмкүн, көрөсүңөр…

– Атамбаев эки сөзүнүн биринде эле досторун айтып, «резиденцияга үй салганда да досторум акча чогултуп беришкен» ж.б. учурларды айтты. Кайсы достору болушу мүмкүн?

– Кандай достору бар экенин мен айта албайм. Президент болгон адам антип айтпаш керек эле. Эгер «досторум» дей турган болсо, демократиялык мамлекеттерде ал текшерүүгө жатат. Аны жалпысынан коррупция катары атайт. Эгерде президенттин достору боло турган болсо, достору каражат бере турган болсо, достору «үй кур» деп миллиондорду чогултуп бере турган болсо, бул юридикалык, саясый тил менен «коррупция» деп аталат. Ал текшерилиши, юридикалык баа берилиши керек. Эгерде мыйзамсыз экени далилденсе, жоопкерчиликке тартылышы абзел.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: