— Экс-президенттин сизге карата айыптоолору жеке таарынычтай сезилди. Балким, эл билбеген башка да себептери болуп жүрбөсүн?..
— Алмазбек Атамбаев менен ушул кезге чейин мамилебиз түз, эч кандай карама-каршылыксыз, терс көз караштар байкалган эмес. 2015-жылдын август айында мени республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен досум Икрам Илмияновдун түздөн-түз салымы бар. Аны танбайм да, жашырбайм да. Кезегинде КСДПны колдоп, мамлекетке канчалык деңгээлде кызмат көрсөткөнүмдү өздөрү эң жакшы билишет. Мен дагы эле алар менен “бир командадамын” деп ойлойм. Бир гана бүдөмүк ой жараткан нерсе: ошончо убакыттан бери команданын мүчөсү катары керек болуп, акыр аягында артыкбаш кишидей болуп калганым түшүнүксүз… “Бир тууган үчүн бир тууган жооп бербейт” деп Алмазбек Шаршеновичтин өзү айткандай, арада маани берилбей турган окуяларга чоң маани берилип, башкача боёк сүртүлүп кетти. “Жеке таарынычтай сезилди” дегениңиздин жөнү бар. Кези келгенде агынан жарылып айтармын…
Булак: “Азия Ньюс”
05.04.2018.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ