Menu

Калпы чыккан Сегизбаев качанкыга чейин кызматта тырмышып отурат?

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаевдин жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун ар-намысын коргоо максатында 2017-жылдын март айында жазылган доо арызын Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок. Соттук отурум тымызын өтүп, судья Калыбаев доо арыз ээлеринин катышуусу жок эле чечим чыгарып салган. Кызыгы, чечим шайлоодон эки күндөн кийин, 17-октябрда чыккан. Бирок, өкүмдүн көчүрмөсү «атамекенчи» адвокаттардын колуна кеч тийди. Бул жагдай коомчулукта ар кандай суроолорду жаратып, «Белизгейт» окуясын далилдей албаган УКМК башчысы кызматта дагы деле отургандыгын сындашууда. «Калпы чыккан Абдил Сегизбаевге бийлик жана соттор эмнеге батына алышпайт?» дешет алар.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев убагында Алмазбек Атамбаевге «Белизден келди» деген кагаздарды көргөзгөндөн бери бир жылдан ашты. «Белизгейт» башталганда эле «атамекенчи» лидер Өмүрбек Текебаев Абдил Сегизбаевдин Алмазбек Атамбаевге берген апостили жасалма экенин документтер менен тастыктап берген. Текебаевдин далилдери УКМК башчыларынын абийирин ачып, калпын чыгарды. Ошого карабай, Алмазбек Атамбаев журналисттердин алдында «Абдил Сегизбаев Белиз өлкөсүнөн келген документтерди далилдей албаса, кызматтан кетет, кетип эле тим болбой, ага жаман болот» деген.

Сегизбаев Белиз документтерин далилдей алган жок. Бирок, ал кызматтан кетмек тургай, бийлик алмашса да алиге чейин ордунан козголо элек. «Бийлик колунда болгон баардык ресурстар менен өзүнө каршы чыккандарды ойдон чыгарылган жалган жалаалар менен каматып жиберип өздөрү уят болгонуна карабай, креслого тырмышып отурушат. Демократиялуу өлкөлөрдүн тарыхында мындай учурда адам эл аралап баса албай, бети чыдабай, кызматын тапшырып кетет. Мезгил келет, бул учурга тарых өз баасын берет» дейт депутат Жанар Акаев.

Бийлик “Белизгейт” аферасы боюнча Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов тууралуу жалган маалымат таратып, каралоо аракетии кылганы үчүн «атамекенчи» юристтер үч депутаттын атынан «жалган маалымат таратты» деп УКМК төрагасын жана президенттин аппаратынын ошол кездеги маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усеновду сотко берген. Райондук сот доо арыз ээлеринин катышуусу жок эле чечим чыгарып салган.

Өлкөдө мыйзам алдында баары бирдей эмес экенин ушундан билүүгө болот. «Атамекенчи» юристтердин Дача-СУ маселесин көтөрүп чыкканы үчүн ар биринин мойнуна 10 млн. сомдон илинип, ал эми далилдей албай, калпы чыгып, оппозициялык саясатчылардын ар-намысына шек келтирген Абдил Сегизбаевге эч кандай чара көрүлбөй келет. Мындан улам «Сегизбаев бийликтин өз баласы да, башкалар өгөй балдарбы?» деген түшүнүк калтырат.

«Бүгүнкү күндө УКМК деңгээлинен төмөн түшүп, аңдуу, телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо менен иш алып барууда» дешет саясатчылар. «Ал эми сот тармагы талкаланып, эл ишениминен чыгып калса да, ар бир жаран бирдей укукка ээ экендигин далилдеп, чындыкка жетмейин артка чегинбейбиз» дешет «атамекенчилер».

Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, абакта Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров 20 күндөн ашык ачкачылык да кармашты. Алардын абалы акырында оорлошуп, алды цинга оорусуна (Б.Асанов) чалдыкса да, «УКМК башчысы кетмейинче ачкачылыкты токтотпойбуз» деп атышып, араң басылышты. Акырында, алардын ар кимисин ар башка колонияларга чилдей таратышты, бирок, талабын аткарууга бийлик али ашыкпайт. Анткен менен президент Жээнбековдун коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сот, укук коргоо, коопсуздук тармагынын ишмердигине айткан катуу сыны менен ачкачылык кармаган саясатчылардын талабы Сегизбаевди жылуу орундан козгоду, дагы бир чуулгандуу маселе чыкса, анын кызматтан кол жуушуна бир эле кадам калды (!) деп турган айрым саясатчылар бар.

«Оппозициялык саясатчылардын биринин артынан бири камалган, журналисттердин мойнуна чоң суммадагы айып акчалар илинген, криминалдык авторитеттердин эркиндикке чыгып, коомго коркунуч жараткан көрүнүштөр эски режимде болуп көрбөгөндөй күч алды» дешет бир катар саясатчылар. Анткен менен, «Белизгейт», «Маевскийгейт» сыяктуу операцияларынан майнап чькпаган эски бийлик эл оозунда шакабага айланып калганы чындык.

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: