Menu

Мирзиёевдин сапарына карата үйүн сырдоодон баш тарткан укук коргоочуга айып салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин сапарына карата үйүнүн дубалын сары түскө сырдоодон баш тарткан «Эзгулик» укук коргоо уюмунун Сырдарья облусундагы активисти Исраил Ризаевге дээрлик 3 миллион сум өлчөмүндө айып пул салынды.

Президент Шавкат Мирзиёев Сырдарья облусуна 4-апрелде барышы керек болчу. Бирок облустук акимчиликтен анын сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдиришти.

Мамлекет башчынын сапарына шашылыш түрдө даярдык көрүп баштаган Сырдарья облусунун бийлиги жол боюнда жайгашкан үйлөрдүн бардыгынын сыртын бир түскө боёну буюрган.

Президенттин Сырдарья облусуна болчу сапарынын алдында жергиликтүү жашоочуларды үйлөрдүн сыртын сары түскө сырдоого мажбурлашты.
Президенттин Сырдарья облусуна болчу сапарынын алдында жергиликтүү жашоочуларды үйлөрдүн сыртын сары түскө сырдоого мажбурлашты.

Исраил Ризаевдин айтымында, ал бул буйрукту аткаруудан баш тарткандан кийин Мирзаабад райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Элёр Абдуллаев Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерин чакырып, укук коргоочуну жазалоону буюрган.

«Алар менин электр жарыгы үчүн карызым бар экенин айтышып, 3 миллион сум (360 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул жазып беришти. Мен карызым бар экенин, бирок өтө эле аз экенин айтып түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок мени угушкан жок. Мен мындай жол менен дубалды сырдоодон баш тартканым үчүн жазалап жаткандыктарын дароо түшүндүм», – деди Исраил Ризаев.

​Укук коргоочунун айтымында, жергиликтүү бийлик «көчөнүн көрүнүшүн бузуп жатканын» айтышып, анын дарбазасын дагы алып коюшкан. “Жыйынтыгында алар үйүмдүн сыртын акыры сары түскө боёп саышты. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Эмнеге президент келет экен деп үйүмдү сарыга, чатырын көккө боёшум керек?”, – деп нааразы болду Ризаев.

Мирзаабад РИИБ башчысы Элёр Абдуллаев чынында эле Исраил Ризаев менен жаңжалдашканын ырастап, бирок укук коргоочуну жазалоо буйругун бербегенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: