Кыргызстандагы эң эле таза эмес адам катары катуу сындарга туш болуп келаткан мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин атын уккан адамдардын дээрлик көбү кыжырдана турганы маалым. Бул адам акыркы 15-20 жылдан бери мамлекеттин болгон майлуу кызматтарында иштеп, артынан далай кептерди ээрчиткен. Былык иштерин канча деген ЖМКлар жазып эле келатат. ТЭЦти оңдоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар боюнча мандемдүү келишимге дал ушул адам кол койгон.
Ал бул маселе боюнча таптаза экенин айтып такылдап келет. ТЭЦтеги авария менен далайы желип кеткен 386 миллион доллардын чуусун иликтеген парламенттик комиссиянын чакыруусун четке кагып, суроолоруна жооп берүүдөн качты. Же Жантөрө мырза, кыргыз бийлигин, жалпы элди тоготпойбу? Таза болсо, тайманбай жооп бербейби, жойпуланбай…
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ