Menu

Сапар Исаковго аффилирленген “Ала-Тоо” ресторанындагы 200дөй кишинин ууланышынын себеби – бышырылган тоок этиндеги сальмонеллез бактериялары болуп чыкты

Бөлүшүү:

«Ала-Тоо» ресторанындагы 31-мартта өткөн тойдо 200дөй кишинин ууланып жыгылышынын себеби – алар тойдо жеген тоок этиндеги сальмонеллез бактериялары болуп чыкты. Бул тууралу бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык көзөмөл борбору билдирди.

“Ала-Тоо” ресторанынан адамдардын массалык уулануусунан кийин текшерүүгө алынган бышкан тоок этинен сальмонеллез бактериялары табылды. Ушундай эле бактериялар ууланып ооруканага түшкөн адамдардын организминен да табылган.

Сальмонеллез бактериялары бышкан тоок этинен гана табылып, чийки тоок этинен табылбаганынан улам көзөмөл органдары “Ала-Тоо” рестораны “Тайландча тоок эти” деген блюданы даярдоодо жана сактоодо технологиялык эрежелерди бузган деп жыйынтык чыгарган.

Ошондуктан бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык көзөмөл борбору “Ала-Тоо” ресторанында дезинфекция жумуштарын өткөрдү.

“Ала-Тоо” ресторанында ууланган 204 киши медициналык жардам кызматтарына кайрылышып, анын ичинен 138 киши ооруканага жаткырылды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп азыр иликтеп жаткандыгы кабарланган.

“Ала-Тоо” рестораны премьер-министр Сапар Исаковдун бир тууган тайэжеси Бакыт Өмүрбаевага таандык экенин кыргыз ММКлары жазып чыгышты.

Көрсө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Советтер союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы парктын 14,22 гектарын  ОсОО “ДАТЭС” фирмасына мейманкана, ресторандарды салууга берип салат. Парктарды курулушка бөлүп берүүгө мыйзам боюнча катуу тыюу салынган. Ошондуктан КР Генералдык прокуратурасы Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, ал Бишкек шаарынын мэри кызматынан кетүүгө аргасыз болот. Албетте досу Атамбаев сактап калбаса ал кезде Иса Өмүркуловдун ордуна башка адам болсо камалып кетмек. Бирок, Иса Өмүркулов ал парктын жерин жөн эле кишиге кармата койбогону бүгүн белгилүү болуп олтурат. Ал кезде Сапар Исаков КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп калган. Ал эми ОсОО “ДАТЭС” Сапар Исаковдун жакын туугандарыныкы болуп чыгууда.

“Ала-Тоо” ресторанына азыр Бакыт Өмүрбаева жана анын жолдошу Бакытбек Нарбаев, Бурул Тентимишовалар ээлик кылышат.

Бакыт Өмүрбаева Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаеванын бир тууган сиңдиси. Бул фактыларды “Кактус  медиа” сайты иликтеп, тактап чыкты.

Кыргыздын “таанышың болсо танкасын, таанышы жок манкасын” деген сөзү бекер айтылбаган. Кантип эле жөнөкөй кишилер мыйзам боюнча кол тийгис парктын жеринен курулуш курууга жер бөлдүрүп алалсын. “Ала-Тоо” рестораны премьер-министр Сапар Исаковго аффилирленген болгондуктан гана кечээ жана бүгүн айрым адистер “тойдо ууланган адамдар тоок этинен эмес, абадан ууланып калышы мүмкүн” деген  күлкү келерлик версияны айтып чыгышып, коомчулукту ишендирүүгө аракет кылып жатышат.  Ушундай бир шойкомдуу шылтоо менен бул факты боюнча ачылган кылмыш иши жабылып калышын да бөркүңүздөй көрүңүз.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: