Menu

Кадыржан Батыровдун байлыктарын сатып жаткан Бегайым Исраилова камалабы?

Бөлүшүү:

КР президенти Сооронбай Жээнбековго,

КР президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин

катчысы Д.Сагынбаевге,

УКМКнын төрагасы А.Сегизбаевге

Ачык кат

Б.Исраилова К.Батыровго тиешелүү жерлерди жана имаратты, таразаны, бочкаларды мыйзамсыз сатып жатат. Ошондой эле, темир каркастарды, плиталарды сатып жатат. Сарайларды дагы жок кылды. Бул аялга шаардык милициянын дагы алы жетпей жатат. Мен бийлик өкүлдөрөнө чоң ишеним менен кайрылып жатам. Менин жазгандарымдын баары чындык, фактылар менен далилденген.

Жалал-Абад областынын прокурорунун мурунку орун басары Н.Дарданов, арыз ээси Анарбай Орозовго берген билдирүү катында, «Равшанбек Турдиахунов менен Бегай Исраилова экөө алдын ала макулдашып, К.Батыровго тиешелүү темир бочкаларды уурдап, 250 000 (эки жүз элүү миң) сомго Шарабидин аттуу металл алуучу адамга сатып жибергендиги аныкталды» деген. Бул айтканым жалган болбос үчүн прокурор Н.Дардановдун билдирүүсүн ушул арызга тиркедим. Р.Турдиахунов Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө камакка алынып, убактылуу камоочу жайда каза болду. Анын өлүмү белгисиз бойдон калды. Мен жогоруда жазып көрсөттүм. Б.Исраилова шаардык жана областтык милициянын тергөөчүлөрү менен тыгыз байланышта болгон үчүн камакка алынбай калды, аны колдогон тергөөчүлөр Р.Турдиахуновдун өлүмүн шылтоо кылып, кылмыш ишти кыскартып, Б.Исраилованы кылмыш жоопкерчиликтен куткарып жиберишти. Азыркы күндө Б.Исраилова өзүнүн кылган кылмыш иштерин жалган жалаа менен мага оодара салып, кутулуунун аракетин көрүп, тергөөчүлөр менен өз ара сүйлөшүп жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Дамир Сагынбаев! Урматтуу Абдил Сегизбаев!

Сиздер бул ишти катуу көзөмөлгө алмайынча адилеттүү тергөө жүрбөйт. Эгер мени камакка алышса, «заказ» менен мени да Равшанбек Турдиахуновдой кылып өлтүрүп коюшу толук мүмкүн.

Бул кылмыш ишти бир гана Исраилова кыла албайт, булар уюмдашкан топ, мен билгенден Исаков Сыргак жана Калбаев Мурат деген адамдар менен биргеликте. Алардын жерлерди жана имараттарды, темирлерди, плиталарды уурдап сатып жеген фактыларын далилдеп берем. Менде далилдүү фактылар бар. Менин коопсуздугумду коргоо үчүн Улуттук мамлекетгик коопсуздук комитетине дайындап коюуңузду суранам!

Сузак райондук соту тарабынан 2015-жылдын 30-октябрында 166-ст. 2-6.3-п. 6 эпизод менен сотголуп, алты жылга эркинен ажыратылып, кылмыш иши эскирип кеткендигине байланыштуу камакка алынбай калган. Бул айтканымды далилдеш үчүн Сузак райондук сотунун өкүмүн ушул арызга тиркедим. Азыркы мен айткан жаңы фактылардын негизинде Б.Исраилованын үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранам.

Менин талабым:

1. Б.Исраилова мурун алдамчылык менен соттолуп, алты жылга эркинен ажыратылып, кылмыш иши эскирип кеткенине байланыштуу, камакка алынбай калгандан кийин, ошол эле алдамчылык ишин токтотпой, жер саткандыгын далилдеп берем. Ошол себептүү жаңы фактылар негизинде кылмыш иш козгоп берүүңүздү суранам!

2. Жалал-Абад областынын мурунку орун басары Н.Дардановдун билдирүү катында көрсөтүлгөн Равшанбек Турдиахунов менен Исраилова экөө алдын ала макулдашып, К.Батыровго тиешелүү темир бочкаларды уурдап, 250 000 миң сомго сатып жибергени аныкталды деген фактынын негизинде Б.Исраиловага кылмыш иш козгоону суранам!

Билдирүү:

Р.Турдиахунов камакта жатып өлгөнүнүн себеби эмнеде? Мунун колдогон кожосу ким? Кол тийбестиги бар депутаттардын деле үстүнөн кылмыш иш козголуп камалып жатат го? Ушундай жабылып калган Б.Исраилованын кылмыш иштерин кайра ачууну суранам!

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: