Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-вице спикер: Атамбаев, Кыргызстан сенин менчигиң эмес

Бөлүшүү:

-Кубанычбек мырза, апаңыз катуу ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жатканын уктук.                           Апаңыздын сакайып кетишине тилектешпиз.

-Рахмат. Ооба учурда апам катуу ооруп, ооруканада кислород менен дем алып жатат. Жүрөгүм ооруп, бук болуп турам. Апам 28 жашында жесир калып, көптөгөн кыйынчылыктар менен бизди багып өстүргөн. Дарыгерлер апамдын сакайып кетиши үчүн колдон келген аракеттерин көрүп жатышат.

-Учурдагы саясий кырдаалды көрүп жатасыз. Жаңы президент менен экс-президенттин айланасындагы тирешүү ачыкка чыкты. Сооронбай Жээнбеков кандай кадамдарды жасаш керек?

-Учурда эл президент Сооронбай Жээнбековду колдоп турат. Бирок Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары чечкиндүү кадамдарды жасай албай жатат. Коопсуздук коммитетинин кеңешинде сүйлөгөн сөздөрүнүн бири да иш жүзүнө аша элек. Учурда мамлекетти эки баштуу бийлик башкарып турат. Сооронбай Шарипович, элдин жүгү менен жоопкерчилигин алгандан кийин, татыктуу иштеп берүүсү абзел. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон ага-туугандары, жоро-жолдошторуна жана акыреттик досторуна үйүндө сый-урматын көрсөтүп, колунан келген жардамын аябасын. Бирок иш ордуна келгенде кара кылды как жарып, абийир менен чындыкты биринчи орунга коюп, «мыйзам баарына бирдей» деген ураан менен иш алып барышы керек. Дегеним, Сооронбай Жээнбеков командасына өзүнүн тажрыйбалуу кадрларын алып келүүсү тийиш. Себеби күч структураларынан баштап, айыл өкмөттө иштеген жетекчилерге чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрлары. АША кааласа президенттин учагын өзү каалагандай пайдаланып, сурабай туруп Турцияга, Индияга учуп барып келди. Аны күч органдары, министрлер конверттери менен аэропортто узатышты. Бул эмне деген шумдук жана эмне деген тоготпостук. Атамбаевде уят деген жок экен. Алты жыл өз билгенин жасады, эми тынч отуруш керек да. Эл Жээнбековду колдоп жатат. Жээнбековду Атамбаев өзү алып келген керек болсо.

-Бирок, Алмазбек Атамбаев СДПК партиясынын съездинде Сооронбайды тандап жаңылыптырмын” деди го…

– Атамбаев досуна чабуул коюп, жаңылганын айтты. Болбосо Кыргызстанды түрө кыдырып, административдик күчтөрдүн жардамы менен Сооронбай Жээнбековду президент кылбады беле?! Алмазбек Атамбаев Сооронбай Шариповичти каралоо, жамандоо менен өзүнүн жамандыгын көрсөтүп койду. Азыр СДПК партиясынын жүзү ачылып, эл бул партияга ишеним артмак тургай, жийиркене баштады. Баса, АША элди толкутуп алса, өзү да куугунтукталаарын билбей жатат окшойт. Сооронбай Жээнбеков тез арада айланасына өзүнүн мыкты, тажрыйбалуу, дасыккан кадрларын олтургузушу керек. Жалгыз досуна алы жетпесе, мамлекетте эки баштуу бийлик башкарып, бул акыры жакшылыка алып барбайт. Эгер мамлекетте башаламандык орун алса, Жээнбеков күнөөлүү болуп калат. Ошону Сооронбай Шарипович ойлонушу керек.

-Сооронбай Шарипович президенттик шайлоодо “Атамбаев баштаган көчтү улайм” деген да…

-Сооронбай Жээнбековдун антип айтканы чын. Айткан сөзүнө туруп, жигитчилик кылып, иш баштайын десе, Атамбаев өзү бут тосуп жатпайбы. «Сооронбай менин досум» – деп коюп, жашыруун өткөргөн съездинде аны жамандап олтурду. Съездде 200гө жакын киши катышып, ичинен жыйырмага жакыны гана чыгып кетти. Демек, кызматынан, акчадан кол жууп калбаш үчүн тырмышып, Атамбаевди колдогонго аракет кылгандар дагы деле бар.

– Президент өзүнө упай топтоо үчүн Текебаевди түрмөдөн чыгарат дешүүдө. Болушу мүмкүнбү?

-Өмүрбек Текебаевди мөөнөтүнөн эрте чыгаруу мүмкүн эмес. Өмүрбек Чиркешович түрмөдөн чыгышы үчүн революция болушу керек. Себеби, бир саясатчыны чыгара турган болсок, экинчи саясатчынын тарапташтары да чыгат.

-Атамбаевдин айланасында шыйпаңдап жүргөндөрү четинен сата баштады. Командасында күчтүү адамдар жокко эсе. Мындан улам Өмүрбек Бабанов менен биригиши мүмкүнбү?

-Атамбаев Өмүрбек Бабанов менен биригиши толук мүмкүн. «Сен парламенттеги фракция менен президентке ишенбөөчүлүк көрсөт» – деп, акырындык менен Жогорку Кеңешти таратат. Мунун максаты ушул болуп жатат. Атамбаев Жээнбековго чабуул коюп, жашыруун сьезд өткөрүп, бийлик талашуунун ордуна, досуна кеп-кеңешин айтып, тажрыйбасы менен бөлүшүп тынч отуруш керек болчу. Атамбаевдин уча тартса уча жеп, устукан тартса устукан жеп олтура турган мезгили келди. Сооронбай Жээнбеков кадрларды алмаштырып, тизгинди тартпаса, 6 жыл эмес, 6 айга жетпей калат. Элдин ишеними да кайтат. Учурда булар тирешүүнүн айынан массалык маалымат каражаттарын экиге бөлүп, «заказ» макалаларды чыгарып жатышат. Бул маалыматтык согуш, элди  түндүк-түштүккө бөлүү. Керек болсо, СДПК партиясы үчкө бөлүнүп, жарымы Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып жатат. Сооронбай Жээнбеков АША сымал «акаевчилдер, бакиевчилдер» – деп эски жаратты тырмай бербей, айткан сөзү менен кылган иши төп келиши керек. Ушул убака чейин өкмөттө чеке жылытаарлык иш жасала элек. Бир дагы инвестор алып келе алышкан жок. Элди түндүк-түштүккө бөлүп жарбай бириктирүү керек. Келечек жаштардыкы. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карап отура албайм. Кыз берип, уул үйлөп, элим менен бирге жакшы жашоодо жашап, өз жеримде өлгүм келет. Кайдыгерлик бизди эмнеге алып келгенин көрүп турабыз. Сооронбай Жээнбековго ишеним чоң. Эгер ал Атамбаевдин жолоюна түшө турган болсо, эртең элди көчөгө мына мен алып чыгам! -Атамбаев! Элдин башын айлантпай тынч отур! Кыргызстан сенин жана бир партиянын менчиги эмес! СДПКдан эл тажап бүттү. Сооронбай Жээнбековдун иштешине бут тоспо!

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: