Menu

Видео – Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Акыйкатчы Кубат Оторбаевди уятка чакырып, акцияга чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун алдына нааразычылык акциясына чыкты. Анда ал Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин адам укугун коргоо жаатында өз милдеттерин татыктуу аткарбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.

“Бир нече күндөн бери көзү азиз акын Темирлан Ормуковду бийлик куугунтуктап, кечээ ооруканадан толук дарылантпай колуна кишен салып абакка алып кетишсе да Акыйкатчы Кубат Оторбаев көңүл буруп, үн чыгарып, койгон жок. Көзү азиз адамдын конституциялык укуктары бузулуп жатат. Мен билем Акыйкатчы Кубат Оторбаевди акыркы жолу парламентте КСДП фракциясы такалашкан. Ошондон кийин кызматыман куулуп калбайын деп коркуп жатса керек. Кубат, эмне сенин кызматың ордуң бир карапайым адамдын тагдырынан кымбат турабы? Конституциядагы милдеттериңди так аткарып, жөнөкөй адамдардын укугун корго! Тегерек үстөлдөрдө эле айылчылап жүрө бербей, СИЗОго барып, Темирлан Ормуковдун абалын бил, сенин мандатың бар, абактарга киргизет, бизди киргизбей жатат”,- деп кайрылды укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: