Menu

Роскомнадзор Telegram мессенжерине бөгөт коюу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Бөлүшүү:

Орусиянын «Роскомнадзор» мекемеси Telegram мессенжерине бөгөт коюу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Интерфакс» агенттиги кайрылуу өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өтүнүчү менен жөнөтүлгөнүн жазды.

Шаршембиде Роскомнадзордун “Telegrаm” башчысына берген мөөнөтү аяктаган. Мекеме мессенжер колдонуучуларынын жазышууларынын шифрларын ФСБга берүүнү талап кылган.

Ошол эле күнү ФСБнын башчысы Александр Бортников былтыр болгон жана токтотулган теракттардын баарында Telegram мессенжери колдонулганын билдирген.

Буга чейин Орусиянын Жогорку соту атайын кызматка шифрлөө ачкычтарынын мыйзамсыз берилгендиги боюнча Telegram компаниясынын ФСБга каршы доо арызын кароодон баш тарткан. Telegram анда өз ара жазышуунун жашыруундуулугу кепилденген Орусиянын Конституциясына таянган. Бирок ФСБ мессенжер колдонуучуларынын билдирүүлөрү Конституция тарабынан корголо турган маалымат эмес экенин билдирген.

Орусия президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү Роскомнадзор мекемесин Telegram мессенжерине бөгөт коюудан баш тартууга, ал эми ФСБны «колдонуучулардын улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жеке жазышууларына мыйзамдуу жетүүнүн» башка жолдорун табууга чакырышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: