Menu

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе коррупциялык кылмыштары үчүн 24 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Сеулда сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хени 24 жылга түрмөгө кести. Ал жемкорлук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коммерциялык компаниянын кызыкчылыгын коргоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

Мамлекеттик айыптоочу 66 жаштагы Пак Кын Хени 30 жылга эркинен ажыратып, 110 миллион доллар айыппул салууну сураган.

Мурдагы президент бардык айыптоолорду четке какты. Ал сотко келген жок. Соттук отурум түштүк кореялык телеканалдан түз эфирде көрсөтүлдү.

2017-жылы 10-мартта Түштүк Кореянын конституциялык соту бир добуштан Пак Кын Хени президенттик кызматтан түшүргөн. Импичмент жараяны президенттин жакын досу коррупциялык жаңжалга катышканы ачыкка чыккан соң, 2016-жылы декабрда башталган.

2017-жылы февралда эч жерде иштебесе да президент курбусуна таянып алып, ишкерлерден опузалап миллиондорду алып турганы сөз болгон Чхве Сунь Силь 20 жылга кесилген.

Чхве Сунь Силь “Самсунг” өңдүү ири корпорация, компаниялардан өзүнүн кайрымдуулук фонддоруна миллиондогон долларлык каражат өндүрүүгө, кийин аны жеке максаттарга колдонууга айыпталган.

Чхве Сунь Силь өз таасиринен пайдаланып, кызын Сеулдагы элиталык университетке өткөрүүгө дагы күнөөлөнгөн. Жогорку билим абдан бааланган Түштүк Корея үчүн бул эң олуттуу доо болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: