Menu

ЕККУ Казакстандагы ММКлардын куугунтукталышын айыптады

Бөлүшүү:

5-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлү Арлем Дезир Алматыда Ratel.kz жана Forbes Kazakhstan басылмаларынын журналисттери менен башкы редакторунун кармалышын жана Ratel.kz сайтына бөгөт коюлганын сынга алды.

«Жаңылыктарды тараткан онлайн-ресурска бөгөт коюу — бул өз пикирин билдирүү эркиндигин чектөө. Ишкер менен басылма ортосундагы талаштан кийин журналисттерди камакка алуу, алардын кеңсеси менен үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү коркутуу болуп эсептелет. Бул Казакстандагы сөз эркиндигине зыян алып келчү өтө тынчты алган окуя», — деди Дезир.

Полициянын маалыматына караганда, эки басылма атайылап жалган маалымат таратуу беренеси боюнча айыпталууда.

2014-жылы Кылмыш кодексине киргизилген бул берене эл аралык укук коргоо уюмдары менен жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрү тарабынан сынга кабылган. Алар берененин киргизилиши менен иликтөөчү журналисттер куугунтукка кабылышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан. Бул берене менен соттолгондор үчүн эң катаал жаза 10 жыл эркинен ажыратуу.

Казакстанда аталган редакциялардын кеңселеринде тинтүү иштери 2-апрелде, мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжанов «атайылап жалган маалымат таратуу» боюнча арыз жазгандан кийин жүргүзүлгөн. Ал аталган сайттарга акыркы беш жыл ичинде чыккан өзү тууралуу макалалар «кара пиар» жана «жалган» экенин билдирүүдө. Макалаларда Какимжановдун коррупциялык иштерге байланышы бар экендиги айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: