«Русгидро», «Лигласс» компаниялары боюнча чырдан кулагы чыгып, “Кумтөрдөгү” алтынды казып алуу үчүн мөңгүнү талкалоого уруксат берген мыйзамды парламентте өткөргөн жоругу менен элге таанылган Дүйшөнбек Зилалиевди эл унута элек. Мына ушул эргул Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында президенттик кортеж өткөн көчөдө “бомба коюлду” деген жалган кабарды тараткан ээн баштыгы үчүн кызматтан айдалып, кылмыш иши козголгон эле.
«Буттан жыгылган турат, тилден жаңылган турбайт» деген чын экен, эми минтип оозуна келгенди оттоп, тилин тыя албаган жоругуна жооп бергени турат. УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге карата 2018-жылдын 30-мартында козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин l-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери (“Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу”) боюнча айыбын угузганын маалым кылды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ